Тамак оорусуна каршы үч түрдүү таасир!

Button
Вибачте, сайт може працювати некоректно у браузері Internet Explorer. Будь ласка використовуйте інші браузери: Google Chrome, Safari або Mozilla Firefox для зручної роботи з сайтом Septolete.ua Завантажити Google Chrome: https://www.google.com/intl/uk/chrome/

Балдардын тамак оорусу

Оорулуу бала — эч качан жеңил эмес. Бала үчүн да, ата-эне үчүн да.

Тааныш көрүнүш: уулуңуз же кызыңыз мектептен кайтып келет, көздөрү оорулуу жылтылдайт, көрүнүшү чарчаңкы, маанайы жок жана биринчи даттануусу – тамак оорубу? Албетте, аны камкордук жана мээрим менен курчап, ага дароо жардам бергиң келет. Баары өз жолу менен жүрөт – бал жана малина кошулган чай, жылуу жүн байпак, жайлуу төшөк жана назик кучактоо. Ысыкты төмөндөтүүчү препараттар, жөтөлдү жеңилдетүү, ооруну басаңдатуу жана тамактын сезгенүүсү үчүн рецептсиз препараттар, мурундун былжырлуу кабыгы үчүн нымдаштыруучу каражаттар пайдалуу болушу мүмкүн. Албетте, мунун бардыгы жардам берет. Бирок оорунун себеби эмне? Келгиле, балдарда тамак оору качан жана эмне үчүн пайда болорун карап көрөлү.

Жагымсыз симптомдорду эмне пайда кылат?

Кыжырдануу, кызаруу жана жутуунун кыйындашы жана аягында тамактын оорушу – мунун бардыгы бала даттанышы мүмкүн болгон симптомдор. Жагымсыз сезимдердин пайда болуу себептери ар түрдүү, эң көп кездешкен себептерди аныктап көрөлү.

10 баланын ичинен 9 балада тамак оорунун себеби суук тийүү – Курч Респиратордук Вирустук Инфекция (КРВИ) болуп саналат, т.а., оору вирустун таасири менен пайда болот.

Сиз билесизби?

Кычышуу, ачышуу, тамактын оорушун эмне пайда кылышы мүмкүн…. кургак аба! Бул көбүнчө батирлерге жылуулук берүү убагында пайда болот, жылуулук мештери катуу ысып, бөлмөдөгү нымдуулук азаят. Мындай жагдайдын алдын алуу үчүн сатып алууга же өз колубуз менен жасап алууга боло турган аба нымдагычтар жардам берет.

Антибиотиктер – көпчүлүк учурларда көйгөйдүн чечими эмес

Бул жерден антибиотиктерди вирустук инфекцияда колдонуу пайдасыз экендигин жана аларды дарыгердин дайындоосуз өз алдынча колдонууга болбой тургандыгын түшүнүү маанилүү. КРВИда жылуу суусундуктарды ичүү (ысык эмес!), уйку, тынчтык жардам берет. Дүүлүккөн тамакты кырбай турган, консистенциясы боюнча жумшак, витаминдерге жана минералдарга бай тамак-аштарды тандоо керек жана ал ысык болбошу шарт. Оору сезимдерин жана шишикти азайтуу үчүн рецептсиз препараттарды колдонууга болот.

Инфекциянын түрдүү типтери

Эгерде тамактын оорусу дене табынын жогорулашы жана алсыздык менен коштолсо, мунун себеби ангинаны пайда кылуучу стрептококк инфекциясы болушу мүмкүн. 5 жаштан 15 жашка чейинки балдар башкаларга караганда ангина менен көп оорушат. Ангинанын ыктымалдуу белгилеринин бири – кароо учурунда көрүнгөн тамак бездериндеги ак катмарлар. Мындай учурларда дарыгердин жардамысыз дарыланууга болбойт, мында антибиотик менен дарылануу жана дарыгердин дайындоолорун так аткаруу керек болот, анткени ангина ар кандай кабылдоолорду пайда кылышы мүмкүн.

 Сасык тумоо

Сасык тумоо – биринчи кезекте дем алуу системасын жабыркаткан вирустук оору:  мурун, тамак, өпкө.

Кайсы симптомдор сасык тумоо үчүн эң көп мүнөздүү? Дене табынын жогорулашы, муундардын оорушу, чыйрыгуу жана тердөө, баш оору, туруктуу кургак жөтөл, энтигүү, чарчоо жана алсыздык, мурундун агышы же бүтүшү, көздөрдүн жарыкка болгон оорутуу реакциясы, чоңдорго караганда балдарда көп кездешкен кусуу жана ич өтүү, ошондой эле тамактын оорушу. Дарылоо адатта симптоматикалык түрдө болот.

COVID-19

COVID-19 адатта балдарда чоңдорго караганда жеңил өтөт. Бул оорунун симптомдорунун ичинен тамактын оорушун, дене табынын жогорулашын, алсыздык, кургак жөтөл жана энтигүүнү белгилей кетүү керек. Эгерде сиз балаңыздан «ковид» мүнөзүндөгү ооруну байкасаңыз (мисалы, үй-бүлөдө же бала менен байланышкан адамдарда тастыкталган учурлар бар болгондо), дароо балдар дарыгерине кайрылып, анын сунуштамаларын аткаруу керек.

Мононуклеоз

Мононуклеоз – Эпштейн-Барр вирусу менен пайда болуучу оору. Инфекциялык мононуклеозди «өбүү оорусу» деп да аташат, анткени вирус шилекей менен жугат. Бирок чындыгында өбүү милдеттүү эмес, вирусту алып жүрүүчү адам менен бир стакандан же бөтөлкөдөн суу ичип коюу деле жетиштүү. Инкубациялык мезгили төрт жумадан алты жумага чейин, бирок балдарда бир аз эртерээк болушу мүмкүн. Оорунун симптомдору өспүрүмдөрдө көп кездешет. Балдарда оору билинбей өтүшү мүмкүн. Мононуклеоз менен ооруган адамдарда чарчагандык, дене табынын жогорулашы, баш оору көп байкалат. Текшерүүдө дарыгер моюндагы жана колтуктагы лимфа түйүндөрүнүн чоңойушун, териге исиркектердин чыгышын байкайт. Бул жерде тамактын оорушу тууралуу белгилей кетүү маанилүү – ал антибиотиктер менен дарылоодон кийин айыкпаган стрептококк ангинасы катары жаңылыш аныкталып калышы мүмкүн. Диагноз бейтаптын канындагы атайын антигендерди аныктагандан кийин коюлат.

Ларингит

Тамактын оорулары жөнүндө сөз кылып жатканда ларингит тууралуу да айта кетүү керек. Бул кекиртек тараптагы үн байламталарынын сезгенүүсү жана шишүүсү. Башка жогорку дем алуу жолдорунун ооруларынын себептери сыяктуу эле бул оорунун себептери да вирустар менен бактериялар. Бирок алардан сырткары үшүп калуу, ооз аркылуу муздак же ысык кургак аба менен дем алуу, курамында чаң көп болгон аба менен дем алуу, кекиртектин ашыкча чыңалышы (мисалы, кыйкырууда) да үн байламталарынын сезгенүүсүн пайда кылышы мүмкүн. Ларингитте тамак кычышат, кургайт жана сайгылашат, үн каргылданат, кээде убактылуу каргылданбай калат. Албетте, былжырлуу үн челинин шишүүсү менен пайда болгон ооруткан сезимдер байкалышы мүмкүн. Дарылоо оорунун себептерин (оору инфекциялык мүнөздө болгондо) жок кылууга, сезгенүүнү, ооруну жана жагымсыз сезимдерди токтотууга, ошондой эле үндү калыбына келтирүүгө багытталат.

Дарыгерге качан кайрылуу керек?

Эгерде балада тамак оорудан сырткары төмөнкү учурлар байкалса, дароо дарыгерге кайрылышыңыз керек:

  • 3 күндөн ашкан жогорку дене табы
  • Бала суусузданганда (шилекей азайып, заара аз бөлүнүп чыгат)
  • Дем алуу кыйындаса
  • Тамак оорудан сырткары кулактар же мурундун айланасы ооруса
  • Бала суюктукту же шилекейин жута албай калса
  • Тамактын ооруганы 48 сааттан көп убакытта айыкпаса, күчөсө же жалгыз симптом болуп саналса
  • Ден соолугунун абалы начарласа

Тез медициналык жардамды талап кылган абал – жогорку дем алуу жолдорунда жат телонун пайда болушу. Мисалы, бала балык жеп жатып, кылканды байкабастан жутуп алат. Кылкан кекиртектин капталына жабышып калып, оору, шишик жаратышы жана дүүлүктүрүшү мүмкүн. Эгерде тамактын оорушунун себеби жат тело экенине күмөн жаралса, аны өз алдынча алып салууга же катуу тамак-аш менен ары түртүүгө аракет кылбаңыз! Дароо дарыгерге кайрылыңыз.

Албетте, тамак оорусунун себептери көп жана ар түрдүү. Жыйынтык чыгарып жатып, балдардагы тамак оору көбүнчө вирустар же бактериялар менен пайда болушу мүмкүн деп айтууга болот. Дарылоо бейтаптын абалын жеңилдетүүгө, ооруну жана сезгенүүнү токтотууга багытталып, симптоматикалык түрдө жүргүзүлөт. Бирок сизде шектенүү жаралса же баланын абалы тынчсыздандырса, анда дароо дарыгерге кайрылыңыз.