Тамак оорусуна каршы үч түрдүү таасир!

Button
Вибачте, сайт може працювати некоректно у браузері Internet Explorer. Будь ласка використовуйте інші браузери: Google Chrome, Safari або Mozilla Firefox для зручної роботи з сайтом Septolete.ua Завантажити Google Chrome: https://www.google.com/intl/uk/chrome/

Оорулуу тамакты кантип айыктыруу керек

Тамактын оорушунун эң көп таралган себеби – вирустар. Курч респиратордук вирустук инфекциялар жеңил өткөндө өзгөчө дарылоо талап кылынбайт. Суюктукту көп ичүү, витаминдерге бай тамак-аш менен тамактануу, эс алуу жана уйку – жогорку дем алуу жолдорунун инфекциялары менен күрөшүү үчүн үй шартындагы башкы каражаттар.

Анын үстүнө тамактын оорушу жана кычышуу – КРВИнин эң көп таралган симптомдору – бир топ жагымсыздыктарды тартуулап, маанайды бузат жана жашоонун сапатын начарлатат. Алардан мүмкүн болушунча бат арылгың келет! Тамакка керектүү күчтү кантип кайтарып берүүгө жана кантип бат айыгууга болот?

Дарылоо ыкмалары
Рецептсиз препараттар

Рынокто көп сандагы рецептсиз дары препараттар бар. Алардын бардыгы ар түрдүү активдүү компоненттерди камтыйт жана түрдүү касиеттерге ээ. Препараттардын бир бөлүгү симптомдор менен күрөшүүгө жардам бергени менен инфекциянын себебине таасир эте албайт. Антисептиктерди гана камтыган дагы бир бөлүгү инфекциянын себебин жок кылганы менен симптомдорду (тамактын оорушун) жеңилдете албайт. Натыйжалуулугу жана колдонуу ыңгайлуулугу боюнча карасак, ооруну жана сезгенүүнү жок кылган (т.а., симптомдорду жок кылган) жана инфекциянын себептери – вирустар, бактериялар же грибоктор менен күрөшө алган айкалыштырылган дарыларга басым жасоо керек.

Септолете® Тотал тамактын оорусунда комплекстүү таасирге жана үч түрдүү күчкө ээ. Септолете® Тотал эки фармацевтикалык формада чыгарылат – ыңгайлуу спрей жана соруу үчүн ар түрдүү даамдагы таблеткалар.

Антибиотиктерди колдонуу

Антибиотиктер – стрептококк сыяктуу бактериялык инфекциялар менен күрөшө турган препараттар. Антибиотиктер же бактерициддик (бактерияларды өлтүрөт), же бактериостатикалык (бактериялардын көбөйүшүн жана жайылышын токтотот) таасирге ээ. Алар жашоо үчүн олуттуу жана кооптуу инфекцияларды дарылоо үчүн колдонулат. Антибиотиктер вирустук инфекцияларды дарылабайт – муну түшүнүп алуу керек! Ал эми тамактын ооруларын көбүнчө вирустар пайда кылат, айрым маалыматтар боюнча чоңдордогу жана балдардагы 95% учурларды.

Антибиотиктерди дарыгердин рецепти жок колдонуу сунушталбайт.

Антибактериялык терапия качан колдонулат? Мисалы, пневмония, бронхит, А тобундагы стрептококктор менен пайда болгон тонзиллиттеги ревматикалык калтыратма сыяктуу олуттуу кабылдоолорду дарылоо үчүн. Антибиотиктерди бактериялык инфекцияларда гана дарыгер дайындашы мүмкүн!

Эмне үчүн антибиотиктер тамак ооруларын дарылоодо универсалдуу дары болуп саналбайт?

Тамактын оорусун адатта бактериялык инфекциялар эмес, вирустук инфекциялар пайда кылат. Инфекциялык эмес себептерди да белгилей кетүү керек (мисалы, чылым чегүү, суук / ысык…). Антибиотиктерди бат-баттан жана негизсиз колдонуу микроорганизмдердин антибиотикке болгон резистенттүүлүгүнө алып келиши мүмкүн. Бул бактериялар антибактериялык препараттарга туруктуу боло баштайт дегенди билдирет, бул кийин башка ооруларды дарылоонун кабылдашына алып келиши мүмкүн. Ушул өңүттө жадагалса жергиликтүү таасир этүүчү антибиотиктер (тамактын оорусун дарылоо үчүн арналган рецептсиз препараттар) да бактерияларга болгон туруктуулуктун өөрчүү тобокелин жогорулатат деген илимий маалыматтар бар.

Үй шартындагы каражаттар

Жагымсыз симптомдорду жеңилдетүү үчүн медикамент терапиясына кошумча айрым үй шартындагы каражаттарды колдонууга болот.

  • Күчтүү иммунитет организмдин инфекциялар менен күрөшүүсүнө жардам берет. Иммундук системаны чыңдоо үчүн толук кандуу эс алууну жана уйкуну камсыздоо керек.
  • Витаминдерге бай тамак-аш да иммундук системаны чыңдайт.
  • Чылым чегүүдөн жана ичимдик колдонуудан баш тартуу керек.
  • Тамактын оорусун жеңилдетүү үчүн жылуу суюктуктарды ичүү керек, мисалы, бал кошулган жылуу чай (ысык эмес) же жылуу суу.
  • Имаратта абанын жетиштүү нымдуулугун камсыздоо маанилүү – кургак аба тамактагы ыңгайсыздыкты күчөтүшү мүмкүн.
  • Өтө көп сүйлөбөө керек – оору кетмейинче, тамакты эс алдырыңыз.