Тамак оорусуна каршы үч түрдүү таасир!

Button
Вибачте, сайт може працювати некоректно у браузері Internet Explorer. Будь ласка використовуйте інші браузери: Google Chrome, Safari або Mozilla Firefox для зручної роботи з сайтом Septolete.ua Завантажити Google Chrome: https://www.google.com/intl/uk/chrome/

«Жеке маалыматтарды коргоо»

Кыргыз Республикасында каттоодон өткөн өкүлчүлүгү бар «KRKA, tovarna zdravil, d.d., Novo mesto» (КРКА, товарна здравил, д.д., Ново место)» Акционердик коому (мындан ары текст боюнча – «КРКА») негизги укуктарды урматтоону колдойт жана жеке маалыматтарды коргоого жана иштетүүгө өзгөчө көңүл бурат.

КРКА милдеттенмеси

КРКА өзүнүн кызматкерлеринин, акционерлердин, контрагенттердин, Интернет-сайтты колдонуучулардын жана башка кызыктар адамдардын жеке маалыматтарын коопсуз жана купуя иштетүүнү камсыздоого милдеттенет. Ошол эле убакта КРКА жеке маалыматтарды иштетүү мыйзамдуу, укук ченемдүү жана айкын түрдө, ошондой эле маалыматтар субъекттеринин укуктарын сактоо менен жүргүзүлүшүн камсыздайт.

Жеке маалыматтарды коргоо саясаты

Өзүнүн милдеттенмелерин ишке ашыруу үчүн КРКА Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарын так сактайт жана жеке маалыматтар маалыматтарды минималдаштыруу принцибине ылайык белгилүү максаттар үчүн жыйнала турганын кепилдейт жана бул үчүн чогултулган жеке маалыматтарды пайдалануу менен, максаттарга жетүү үчүн керектүү мөөнөттө гана жеке маалыматтарды сактоону кепилдейт.

Колдонуу чөйрөсү

Биздин саясат бизге кандай гана болбосун жеке маалыматтарын берген бардык адамдарга карата колдонулат: КРКА кызматкерлери, кызмат ордуна талапкерлер, акционерлер, кардарлар, жеткирип берүүчүлөр, бул сайттын колдонуучулары ж.б.

Бул саясатты ким аткарууга милдеттүү

Бул саясат КРКА кызматташкан же КРКА атынан аракеттенген жана мезгил-мезгили менен жеке маалыматтарга кирүү мүмкүндүгү талап кылынган бардык жеке же юридикалык жактар үчүн милдеттүү болуп саналат. КРКА жана анын туунду компанияларынын бардык кызматкерлери бул саясатты сакташы керек, ошондой эле ал бардык подрядчылар, консультанттар жана башка тышкы жеке маалыматтарды иштетүүчүлөр үчүн милдеттүү болуп саналат.

Саясаттын элементтери

Биздин процесстерди аткаруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуу үчүн, биз жеке маалыматтарды чогултуп жана иштетишибиз керек. Аларга маалымат субъектисин идентификациялоону шарттаган бардык маалыматтар, мисалы, аты-жөнү, дареги, колдонуучунун аты кирет .

КРКА мындай маалыматты айкын түрдө жана кызыктар тараптардын толук кызматташтык жана маалымдуулук принцибинин негизинде гана чогултат. Мындай маалыматтарды алгандан кийин төмөндөгү эрежелер колдонулат:

КРКА жыйнаган жеке маалыматтар:

КРКА жыйнаган жеке маалыматтар:

Иш-чаралар

Муну менен биз жеке маалыматтарды коргоо боюнча төмөндөгү чараларды аткарууга милдеттенебиз:

КРКА ISO 27001 стандарты боюнча тастыктамаланган, бул ISO 27001 «Маалыматтык коопсуздукту башкаруу системасына» ылайык, компания жеке маалыматтарды коргоонун талаптагыдай практикасын ишке ашыра турганын түшүндүрөт.

КРКА жеке маалыматтарды коргоо жөнүндө жоболору, биринчи кезекте, компаниянын Интернет-сайтындагы жеке маалыматтарды коргоо саясатында аныкталган.

Жоопкерчилик

КРКА кызматкерлери бул саясатта берилген бардык принциптерди так сактоого милдеттүү. Маалыматтарды коргоо эрежелерин бузуу дисциплинардык жана жоопкерчиликтин башка түрлөрүнө алып келиши мүмкүн.