Тамак оорусуна каршы үч түрдүү таасир!

Button
Вибачте, сайт може працювати некоректно у браузері Internet Explorer. Будь ласка використовуйте інші браузери: Google Chrome, Safari або Mozilla Firefox для зручної роботи з сайтом Septolete.ua Завантажити Google Chrome: https://www.google.com/intl/uk/chrome/

Тамак ооруусу … эмне кылуу керек?

Тамактын кычышуусу жана жутуунун кыйындашы менен башталып, бир нече күнгө чейин созулушу мүмкүн болуп, катуу ооруга өткөн жагымсыз сезим баарыбызга белгилүү. Бул оору көбүнчө вирустук же бактериялык инфекциялардан улам пайда болот жана жогорку дем алуу жолдорунун инфекцияларынын симптомдору болуп саналат.

Тамактын оорушу пландарыбызды бузуп, көнүмүш жашоо образыбызды өзгөртүшү мүмкүн: жолугушууларды жана сапарларыбызды токтотууга аргасыз болуп, күндүзү оюбузду бир жерге топтоо жана түнкүсүн уктоо кыйындашат, позитивдүү толкунга көнүшө албай, өзүбүздү адаттагыдан бир аз башкачараак сезебиз.

Кызыктуу факт:

Чоңдордо КРИ симптомдору орточо эсеп менен алганда жылына 2-5 жолу пайда болот; мектеп жашындагы балдар үчүн курч респиратордук инфекциялардын жыштыгы мындан көбүрөөк, жылына 7-10 жолу. Жогорку дем алуу органдарынын инфекциялары – бул курч инфекциялардын эң көп таралган түрү.

Тамактын оорушу – жогорку дем алуу органдарынын инфекцияларынын алгачкы белгилеринин бири.

Ооз жана тамактын былжырлуу кабыгы – вирустардан жана бактериялардан коргоонун алгачкы линиясы. Иммунитет төмөндөгөндө, өнөкөт оорулар бар болгондо, айлана-чөйрө терс таасир эткен учурларда, былжырлуу кабыктын коргоочу күчү төмөндөйт. Бул өз кезегинде инфекцияларды пайда кылуучу микроорганизмдердин көбөйүшүнө жана жогорку дем алуу органдарынын сезгенишине алып келиши мүмкүн.

Төмөнкү учурларда инфекциялардын өөрчүү ыктымалдуулугу көбөйөт:
  • ооз аркылуу муздак аба менен дем алганда;
  • дене ысып турганда муздак суусундуктарды ичкенде;
  • аба ырайы тез өзгөргөндө
  • абанын табы кескин өзгөргөндө, мисалы, кондиционер иштеп жаткан жайдан сыртка чыкканда жана кайра киргенде ж.б.
Жогорку дем алуу инфекцияларынын эң көп таралган симптомдору кайсылар?
  • оорунун өөрчүшүнө алып келиши мүмкүн болгон тамактын дүүлүгүшү, кычышуусу же ачышуусу,
  • былжырлуу кабыктын кызарышы, тамактын кургашы жана ачышуу сезими,
  • шишүү, жутуунун кыйындашы.

Суук тийүү

чоңдордун ооруп калышынын жана балдардын мектепке барбай калуусунун эң көп себептеринин бири. Көбүнчө балдар биринчилерден болуп оорушат, андан соң 2-5 күндөн кийин башка үй-бүлө мүчөлөрү ооруйт. Тамактын оорушу суук тийүүнүн алгачкы себептеринин бири болуп саналат.

Тамактын оорушун пайда кылган эң көп таралган вирустар – риновирус (чоңдордогу суук тийүү ооруларынын 30-50% ы), коронавирус, энтеровирус, сасык тумоо вирусу, аденовирус жана башкалар. Адам өз жашоосунда орточо эсеп менен 200дөн көп жолу ооруйт жана оору орточо 2-6 күнгө созулат.

Вирустар шишүү, кызаруу жана сезгенүүнү пайда кылып, былжырлуу кабыкты жабыркатат. Суук тийүүнүн симптомдору адатта тамактагы жагымсыз сезимдер менен башталат: кычышуу жана ачышуу, ошондой эле жутуудагы оору. Кийинки 48 сааттын ичинде көпчүлүк башка симтомдор пайда болот (мисалы, мурундан суунун агышы, чүчкүрүү, көздөрдүн дүүлүгүшү, өзүн жаман сезүү, жөтөл). Бардык симптомдор жогорку дем алуу органдарынын сезгенүүсү жана шишүүсү менен пайда болот. Суук тийүүдө пайда болушу мүмкүн болгон негизги кабылдоо – бул пневмонияга алып келиши мүмкүн болгон бактериялык инфекциянын кошулушу.

Жутуудагы оору жана тамактын дүүлүгүшү адатта суук тийүүнүн симптому болуп саналат, бирок бул сасык тумоодо же ангинада да пайда болушу мүмкүн.

Тамактын оорушу чылым чегүүнүн натыйжасында пайда болгон бир топ олуттуу сезгенүү же өнөкөт оорулардын симптому болушу мүмкүн. Тамактын оорушу айрым дары-дармектерди кабыл алуунун кыйыр таасири катары сейрек белгиленгени менен астманы дарылоо үчүн колдонулган жогорку дозадагы ингаляциялык кортикостероиддер үндүн кырылдашын, ооздо жана тамакта грибок каптамаларды пайда кылышы мүмкүн экендигин белгилей кетүү керек. Тамактын оорушу үн байламталарынын кескин чыңалуусу менен пайда болушу мүмкүн, мисалы, концерттен кийин, оратор катары узак убакыт сөз сүйлөөдөн, ырдоодон, театрдык коюудан ж.б.

Ал эми ангина учурларында эмне болот? Тамактын стрептококк инфекциясын тамак бездеринде жана кекиртектин капталдарында пайда болгон ак каптамалар боюнча аныктоого болот. Булар стрептококк инфекциясы менен пайда болгон ириңдүү катмарлар жана башка симптомдордон сырткары кадимки суук тийүү менен күрөшпөй жаткандыгыбыздын эң көп таралган белгиси болуп саналат. Ангина менен ооруган учурларда тамактын катуу оорушунан сырткаркы мүнөздүү белгилер дене табынын көтөрүлүшү (38°С ден жогору), калтыроо, баш оору, окшуу, муундардын жана булчуңдардын оорушу болуп саналат. Мындай учурларда тийиштүү дарылоону дайындай турган дарыгерге кайрылуу керек.

Тамагыңыз ооруса эмне кылуу керек?

Вирустар – жогорку дем алуу органдарынын эң көп таралган себеби. Дарылоо тамактын оорусунун себебин жок кылууга жана сезгенүүнүн сипмтомдорун максималдуу тез жана натыйжалуу токтотууга багытталышы керек. Тамак ооруган учурларда таблетка же спрей түрүндөгү оралдык антисептиктерди колдонуу ыңгайлуу. Комплекстүү мамилеге ээ болгон айкалыштырылган препараттарды колдонууга көңүл буруу керек: инфекциянын жайылышын алдын алуу үчүн микробго каршы таасири бар жана симптомдорду (оору, шишүү, сезгенүү) азайтуу үчүн ооруну басаңдатуучу, сезгенүүгө каршы таасири бар препараттар.

Тамакта оорунун алгачкы белгилери пайда болгондо дарылоону өз убагында баштоо маанилүү. Бул инфекциянын жайылышын чектөөгө жардам берип, мыкты маанайды кайтарып берет. Дары-дармек препараттарын туура тандоо өзгөчө мааниге ээ, анткени бул инфекциянын себебин жок кылууга жана оору менен сезгенүүдөн бат арылууга жардам берет.

Септолете Тотал үч түрдүү таасир

Септолете® Тотал  эки активдүү компонентти камтыйт: цетилпиридиний хлорид антисептиги жана бензидамин. Бул кайталангыс айкалышуу ҮЧ ТҮРДҮҮ ТААСИРГЕ ээ:

  • инфекциянын себебин жок кылат (вирустар, бактериялар, грибоктор)
  • ооруну жеңилдетет (15 минутанын ичинде)
  • сезгенүүнү азайтат (кызаруу, шишүү)

Курч респиратордук вирустук инфекциялар мезгилинде Септолете® тотал – натыйжалуу тандоо!

Тамактын оорушун пайда кылуучу вирустардан кантип коргонуу керек?

Биз белгилүү бир деңгээлде респиратордук инфекциялардан коргоно алабыз. Вирустук жана бактериялык инфекциялар жугуштуу болушат, ошондуктан гигиенаны сактоо – коргонуу үчүн мыкты стратегия. Суук тийүү жана сасык тумоо мезгилинде биз колубузду дайыма жууп жана дезинфекциялап турушубуз керек, колубуз менен көзүбүздү же оозубузду кармашыбыз шарт, анткени вирустар менен бактериялар былжырлуу кабыкка түшүп калышы мүмкүн.

Image

Колуңузду самындап жууп туруңуз

Image

Бөлмөлөрдү желдетип туруңуз

Image

Дени сак тамак-аш жана көнүгүү менен иммундук системаңызды чыңдаңыз

Image

Көп адамдар менен жабык коомдук жайлардан алыс болуңуз

Image

Жөтөлүп же чүчкүргөн адамдардан алыс болуңуз

Image

Кагаз салфеткаларды колдонуп, колдонгондон кийин дароо ыргытып салыңыз.

Image

Колуңузду мурдуңузга же көзүңүзгө тийгизбөөгө аракет кылыңыз

Image

Мурун менен дем алыңыз (мурундун былжыр чели вирустар жана чаң үчүн чыпка)

Эгерде ооруп калсаңыз, инфекциянын жайылышынын алдын алуу үчүн үйүңүздө болушуңуз керек. Суук тийип калган адамды көрсөңүз, ал менен кол алышпоо шарт. Үйүңүздө абанын нымдуулугу жетиштүү болушу зарыл. Бөлмөлөрдү дайыма желдетип туруу керек.

Туура тамактануунун жана туруктуу физикалык көнүгүүлөрдүн жардамында өз иммунитетиңизге кам көрүү ооруп калуу ыктымалдуулугун төмөндөтүүгө жардам берет. Суук тийүүлөрдүн убагында (күз-кыш мезгилдеринде) тамактанууңузга көңүл буруңуз, витаминдерге жана антиоксиданттарга бай тамак-аштар менен тамактаныңыз, суусуздануудан сактануу үчүн чай менен сууну көп ичиңиз. Туура тамактануудан сырткары спорт менен туруктуу алектенүү, жакшы эс алуу жана уйкуну кандыруу, тынчтыкты сактоо шарт, ошондой эле ичимдиктерди колдонбоо жана чылым чекпөө керек.

Сиз билесизби?

  • Бактериялык инфекция ириңдүү какырык же мурундан суунун агышы жана дене табынын жогорулашы менен мүнөздөлөт. Бул учурларда бактерияларга каршы препараттарды дайындоо керек. Бирок антибиотикке болгон резистенттүүлүктүн (айрым бактериялардын антибиотиктерге болгон туруктуулугу) өөрчүү ыктымалдуулугун азайтуу үчүн антибиотиктерди колдонууну дарыгердин сунушу менен гана баштоо керек.
  • Суук тийүү адатта жай өөрчүйт, тамактын оорушунан, баш оорудан жана чүчкүрүүдөн башталат. Андан кийин мурундун бүтүшү, мурундан суунун агышы, кээде жөтөл сыяктуу башка белгилери пайда болот. Суук тийүү убагында муундарда жана булчуңдарда жеңил жана орточо ооруну сезишибиз мүмкүн. Сасык тумоо үчүн мүнөздүү болгон дене табынын жогорулашы мында аз кездешет.
  • Курч респиратордук инфекциялар (мисалы, суук тийүү) адам жөтөлгөндө, чүчкүргөндө, бейтап же жугуштуу зат менен түз байланышкан учурда аба-тамчы жолу аркылуу жугат.