Тамак оорусуна каршы үч түрдүү таасир!

Button
Вибачте, сайт може працювати некоректно у браузері Internet Explorer. Будь ласка використовуйте інші браузери: Google Chrome, Safari або Mozilla Firefox для зручної роботи з сайтом Septolete.ua Завантажити Google Chrome: https://www.google.com/intl/uk/chrome/

Юридикалык аспекттер

Укуктук маалымат

Акыркы жаңылоо:

Мазмуну
I. Сайтты пайдалануу шарттары
1.1. Жалпы шарттар
1.2. Сайттын мазмуну, Сайтка жана анын бөлүктөрүнө кирүү мүмкүндүгү
1.3. КРКА жоопкерчилигин чектөө
1.4. Башка Сайттарга шилтемелер
1.5. Интеллектуалдык менчик объекттерине КРКА укуктары
1.6. Үчүнчү жактардын интеллектуалдык менчиги.
1.7. Колдонуучулардын санкцияланбаган иш-аракеттерине тыюу салуу
II. Купуялуулук жана жеке маалыматтар саясаты.
2.1. Купуялуулук жөнүндө жалпы жоболор.
2.2. Колдонуучулардын жоопкерчилиги жана колдонуучулар маалыматты бергенде КРКА жоопкерчилигин чектөө
2.3. Жеке маалыматтар
2.4. Маалыматты пассивдүү жыйноо жана пайдалануу
2.5. Маалыматты иштетүү жана коргоо
2.6. Коопсуздук чаралары
III. Сайтты колдонуучунун жоопкерчилиги жөнүндө башка жоболор
IV. Юрисдикция

I. Сайтты пайдалануу шарттары

1.1. Жалпы шарттар

Интернет тармагында жайгашкан ушул Сайт (мындан ары текстте – Сайт) Кыргыз Республикасында каттоодон өткөн өкүлчүлүгү бар - Словениядагы «KRKA, tovarna zdravil, d.d., Novo mesto» (КРКА, товарна здравил, д.д., Ново место)» Акционердик коомуна (мындан ары – «КРКА») таандык. Ушул Сайт Сизге КРКА жөнүндө, анын продукциялары жана башка ишмердүүлүгү жөнүндө жалпы маалымат берүү үчүн, ошондой эле бул Сайтта негизинен Кыргыз Республикасынын аймагында орун алган колдонуучулар үчүн жайгаштыруу маанилүү деп эсептеген башка маалыматтарды берүү үчүн түзүлгөн.

Ушул Сайттын беттерин кароо менен, Сиз төмөндө берилген бардык чектөөлөр жана шарттар менен макул болосуз. Эгер Сиз бул шарттар менен макул болбосоңуз, Сизден ушул Сайтты колдонбоону өтүнөбүз.

Сизге маал-маалы менен Сайттын ушул «Укуктук маалымат» бөлүмүнө кирип турууну жана анын мазмуну менен таанышууну сунуштайбыз, анткени бул бөлүмгө киргизилген жоболор юридикалык милдеттендирүүчү жоболор болуп саналат.

КРКА өзүнө каалаган убакта жана конкреттүү негиздемелерден көз карандысыз ушул бөлүмдүн («Укуктук маалымат») мазмунуна өзгөртүүлөрдү киргизүү укугун калтырат.

1.2. Сайттын мазмуну, Сайтка жана анын бөлүктөрүнө кирүү мүмкүндүгү

Ушул Сайтта жеткиликтүү болгон бардык маалымат жана дайындар маалыматтык максаттар үчүн гана арналган, юридикалык иш-аракеттерди өркүндөтүүгө карата сунуш болуп саналбайт жана башкача ачык көрсөтүлгөн учурлардан (мисалы, расмий сунуштарды, жарнама материалдарын жарыялоо ж.б.) тышкары, эч кандай укуктук кесепеттерге алып келбейт.

Ушул Сайтта берилген КРКА жөнүндө, анын продукциялары жана ишмердиги жөнүндө маалымат эч кандай продукцияны, иштерди, кызмат көрсөтүүлөрдү расмий сунуштоо болуп саналбайт. Атап айтканда, ушул Сайтта берилген продукция жөнүндө маалымат КРКА продукциясынын жалпы ассортименти же өзүнчө бир продукттары тууралуу гана жалпы маалымат болуп саналат. КРКА эгер Сайтта айкын түрдө башкача көрсөтүлбөсө, Сайтта берилген маалымат коммерциялык сунуш катары, айкын оферта же оферта жасоого чакыруу, акцияларга же башка КРКА баалуу кагаздарына инсевтициялоо тууралуу сунуш катары жана ушул өңдүү каралбай турганын белгилейт.

Ошондой эле Сайт ден соолукка, физикалык абалга, сергек жашоо образына, саламаттыкты сактоого, медицинага, ветеринарияга тиешелүү маалыматты камтыйт. Сайтта берилген продукттарга, алдын алуу жана дарылоо методдоруна тиешелүү маалыматтар таанышуу максаттарында гана берилет. Ал медицина же саламаттыкты сактоо маселелери боюнча консультация катары эсептелбеши керек, ошондой эле диагноз коюу, оорунун себептерин жана ден соолукка байланыштуу башка көйгөйлөрдү аныктоо же ден соолукка байланыштуу кандайдыр бир жеке көйгөйлөрдү дарылоо үчүн пайдаланылбашы керек. КРКА медицинада колдонуу үчүн арналган каалаган дарысын колдонуу алдында Сиз медицина же фармацевт адисинен консультация алып же мындай дарыны колдонуу боюнча нускама менен таанышууңуз керек. Ушул Сайтта алар тууралуу маалымат жайгаштырылган, КРКА башка продукттарын (ветеринардык колдонуу үчүн дары препараттары, биологиялык активдүү кошулмалар, парфюмердик-косметикалык продукция ж.б.) колдонуу алдында, Сиз тиешелүү адистин консультациясын алып, же мындай продуктту колдонуу боюнча нускама менен таанышууңуз керек.

Биз балдардын укуктарын коргоо максатында кабыл алынган Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын жана эл аралык укуктун актыларын так сактайбыз. Ушул Сайтта берилген маалыматтын олуттуу бөлүгү 18 жаштан улуу адамдарга арналган, мындай маалыматты жашы жете электер арасында жайылтуу чектелиши мүмкүн. Балдарда колдонуу үчүн арналган дары препараты жөнүндө маалыматты сураган жеке адам 18 жашка чыккан болушу керек.

Сайтта ушул Сайттын мазмунунун тематикасы боюнча жакын, белгилүү чөйрөдө адис же эксперт болуп саналган адамдардын пикири, ошондой эле ар кандай басылмалардан, анын ичинде массалык маалымат каражаттарынан, кесиптик адабияттан, башка веб-сайттардан үзүндүлөр камтылышы мүмкүн. Мындай маалыматтар тиешелүү басылманын авторунун жеке пикири гана болуп саналат жана сөзсүз КРКА пикири менен дал келбейт.

КРКА өзүнө, бул Кыргыз Республикасынын мыйзамына карама-каршы келбегенде, же тескерисинче Кыргыз Республикасынын мыйзамдары муну талап кылган учурда, анын ичинде КРнын “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамы талап кылган учурда, качан болбосун жана каалаган ыкма менен, мындай иш-аракеттердин себептеринен көз карандысыз жана алдын ала кабарлоосуз ушул Сайттын мазмунун, Сайтка маалыматты жайгаштыруу тартибин жана формасын жана жайгаштыруу ордун өзгөртүү, анын ичинде маалыматты, анын ичинде сайтка колдонуучулар жана башка үчүнчү жактар жайгаштырган маалыматты өзгөртүү же өчүрүү, Сайтка жана анын айрым бөлүктөрүнө жана материалдарына кирүү мүмкүндүгүн берүү, чектөө же тыюу салуу, катталуу же башка шарттарды (иш-аракеттерди) аткаруу зарылчылыгы менен колдонуучулардын Сайттын айрым бөлүктөрүнө (бөлүмдөрүнө) кирүү укугун калтырат.

1.3. КРКА жоопкерчилигин чектөө

КРКА мындай беттерде жайгаштырылган маалыматтардын тактыгын жана актуалдуулугун камсыздоо үчүн, өзүнүн Сайттарын ак ниеттүү жана кылдат түзөт жана түзүүгө милдеттенет. Ошентсе дагы, ар кандай себептерден улам бул Сайтта жайгаштырылган маалыматтар техникалык так эместиктерди же каталарды камтышы мүмкүн. Мындан тышкары, Сайттын колдонуучулары дагы айрым учурларда бул Сайтта маалымат жайгаштыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат, мында КРКА, эреже болгондой, мындай маалыматтын ишенимдүүлүгүн жана тактыгын текшерүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болбойт. Ошентип, КРКА бул Сайтта жайгаштырылган маалыматтын толуктугун жана тактыгын кепилдей албайт, ошондой эле Сайттын колдонуучуларынын анда жайгаштырылган маалыматты пайдалануу ыкмаларын контролдой албайт. Ушул Сайттын ар бир колдонуучусу Сайтта жайгаштырылган маалыматты өз алдынча кылдат баалашы керек.

КРКА, ошондой эле ушул Сайтты түзүүгө, колдоого, тейлөөгө катышкан башка юридикалык же жеке жактар, ушул Сайтта жайгаштырылган маалыматка кирүүнүн, пайдалануунун же пайдалануунун мүмкүн эместигинин натыйжасында пайда болушу мүмкүн болгон кандайдыр бир зыянга карата, же алардын мазмунундагы бардык кемчиликтер жана так эместиктерге карата кандайдыр бир жоопкерчиликтен жана милдеттенмелерден түз баш тартат.

Аталган жактар сиздин Сайтка кирүүңүздүн, Сайтты жана маалыматты пайдаланууңуздун, маалыматтык жүктөөнүн кесепетинде, сиздин компьютердик жабдууга же башка мүлккө келтирилген зыян үчүн, ошондой эле аларга вирус жуктуруу үчүн жоопкерчилик тартпайт жана жогоруда саналгандарга байланыштуу милдеттенмелерди тартпайт.

Бул Сайттын бардык колдонуучулары ушул Сайтка өзүнүн кирүүсүн ишке ашырат, ошондой эле анда жайгаштырылган маалыматты, программаларды, файлдарды акылга сыярлык, ак ниеттүү жана өзүнүн жеке жоопкерчилиги астында пайдаланат.

Ушул Сайт Кыргыз Республикасынын жеке жана юридикалык жактарынын пайдалануусуна багытталган. Ушул Сайтта жайгаштырылган маалымат Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары турган колдонуучулар үчүн актуалдуу эмес жана жараксыз болушу мүмкүн. Ошондой эле КРКА ушул Сайттын мазмунунун Кыргыз Республикасынан тышкары, башка мамлекеттердин мыйзамдарына шайкеш эместиги үчүн жоопкерчилик тартпайт.

КРКА Сиздин ушул Сайтка же анын айрым бөлүктөрүнө (бөлүмдөрүнө) кире албаганыңыз үчүн, Сайттын иштөө жөндөмдүүлүгү үчүн, жалпысынан Сайттын жана анын айрым бөлүктөрүнүн (бөлүмдөрүнүн) иштөө сапаты жана ылдамдыгы үчүн жоопкерчилик тартпайт.

КРКА Сиз үчүн Сайтта маалыматтар камтылган продукттардын жеткиликтүү эместиги (Сиздин сатып ала албаганыңыз) үчүн жоопкерчилик тартпайт.

1.4. Башка Сайттарга шилтемелер

Сайтта үчүнчү жактардан маалыматтар, ошондой эле үчүнчү жактардын интернет-сайттарына шилтемелер камтылган. Эгер, биздин пикирибизде, мындай шилтемелер пайдалуу мүнөзгө ээ болсо, бул тууралуу тиешелүү билдирүү коюлат. КРКА мындай сайттардын бардык мазмуну менен үзгүлтүксүз таанышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ эмес, бул мазмунду контролдой жана ага таасир эте албайт. Ошондуктан, Интернеттин өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен, биз шилтеме берген башка интернет-сайттарда купуялуулукту камсыздоонун жогорку деңгээлин кепилдей албайбыз же бул интернет-сайттардын мазмуну үчүн жоопкерчилик тарта албайбыз. Ушундан улам, КРКА башка интернет-сайттардын мазмуну үчүн, анын ичинде мындай сайттардын колдонуучуларында алардын мазмунунан улам пайда болуучу чыгаша, зыян үчүн жоопкерчилик тарта албайт.

1.5. Интеллектуалдык менчик объекттерине КРКА укуктары

Ушул Сайттын мазмунун түзгөн бардык маалыматтар, тексттер, видео-, фото-, башка сүрөттөр, көркөм сүрөт искусствосу, музыкалык, аудиовизуалдык жана башка чыгармалар, ЭЭМ программалары жана маалыматтар базалары мыйзамда белгиленген тартипте жайгаштырылган, автордук же аралаш укуктар объекти болуп саналат жана башка интеллектуалдык менчик объекттери менен тең корголот. Бул Сайтта жарыяланган документтер жеке пайдалануу жана башка коммерциялык эмес максаттар үчүн гана колдонулушу мүмкүн, мында автордук укуктарды же аралаш укуктарды коргоого тиешелүү бардык жогоруда эскертилген эскертүүлөр сакталышы керек. Бул Сайтта камтылган маалыматтарды КРКА компаниясынын алдын ала жазуу түрүндөгү макулдугу жок коммерциялык максаттар үчүн көчүрүүгө, чагылдырууга, жүктөгөөгө, өзгөртүүгө, ойнотууга же башка ыкмалар менен жайылтууга уруксат берилбейт.

Ушул Сайтта жайгаштырылган товардык белгилер, тейлөө белгилери, коммерциялык белгилер, пайдалуу моделдердин сүрөтүнүн фирмалык аталыштары КРКА, анын товарларын, иштерин жана кызмат көрсөтүүлөрүн катталган индивидуалдаштыруу каражаттары болуп саналат, аларга карата КРКА интеллектуалдык менчик жөнүндө мыйзамда белгиленген бардык укуктарга ээ болот.

Сайтта жайгаштырылган маалыматтардын бири дагы Сайтта жайгаштырылган индивидуалдаштыруу объекттерин (товардык белгилер, тейлөө белгилери ж.б.) пайдаланууга лицензия же укуктарды берүү катары чечмеленбейт. Ушул эрежелерде жана Сайтты пайдалануу шарттарында каралган учурлардан тышкары, Сайтта жайгаштырылган интеллектуалдык менчик объекттерин мыйзамга ылайык келбеген пайдаланууга жана колдонууга катуу тыюу салынган. КРКА өзүнүн мыйзамдуу чаралары менен жазык жоопкерчилигине жана олуттуу мыйзам бузуулар учурунда жоопкерчиликтин башка түрлөрүнө тартууга чейин, интеллектуалдык менчик укуктарын сактоону камсыздоого укуктуу.

1.6. Үчүнчү жактардын интеллектуалдык менчиги.

Биздин колдонуучулар ушул Сайтта жайгаштырганда же башкача жол менен КРКА компаниясына маалыматты бергенде жана мында алар айкын жана белгилүү түрдө бизге мындай маалыматты пайдалануудагы чектөөлөрдү көрсөтпөсө, мындай учурларда бизге берилген маалымат купуя болуп саналбайт, ошондой эле эгер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача белгиленбесе, автордук укук менен коргоого жатпайт. КРКА өзүнө мындай маалыматты эркин пайдалануу, аны жайылтуу жана чектөөлөрсүз башка адамдарга ачыктоо укугун калтырат, мында маалыматтын булактарына шилтеме жасайт. Мындан тышкары, КРКА өзүнө мындай маалыматтын предмети болуп саналган же мындай маалыматка киргизилген идеяларды, концепцияларды, билимди, тажрыйбаларды жана технологияларды пайдалануу жана алар менен башка иш-аракеттерди жасоо укугун калтырат. КРКА өзүнүн жеке кароосу боюнча бул маалыматтарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген каалаган максаттар үчүн пайдаланат.

Эгер Сиз ушул Сайтта кандайдыр бир жол менен Сиздин автордук, аралаш укуктарыңыз же Сизге интеллектуалдык менчик жөнүндө мыйзамдын алкагында берилген башка укуктарыңыз бузулуп жатат деп эсептесеңиз, Сиз мындай бузуулар жөнүндө арызды бизге жөнөтүүгө укуктуусуз.

Мындай арыз төмөнкү дарекке жөнөтүлүүгө тийиш:

«КРКА, tovarna zdravil, d.d., Novo mesto» (КРКА,товарна здравил,д.д., Ново место) Акционердик Коомдун Өкүлчүлүгү
Кыргыз Республикасы
720040, Бишкек шаары, Эркиндик бульвары, 71- уй
Электрондук почта info.kg@krka.biz

1.7. Колдонуучулардын санкцияланбаган иш-аракеттерине тыюу салуу

КРКА тарабынан башкача белгиленбеген учурлардан тышкары, кандай гана максатта болбосун, КРКА маалыматтык системасына (б.а. КРКА маалыматтар базасында камтылган маалыматтардын жана аны иштетүүнүн камсыздаган маалыматтык технологиялардын жана техникалык каражаттардын жыйындысы) бардык санкцияланбаган кирүүгө же санкцияланбаган кирүү аракетине тыюу салынат. Сиз КРКА компаниясынан айкын билдирилген жазуу түрүндөгү уруксатсыз, Сайттын веб баракчасынан же анда камтылган мазмундан кандайдыр бир программалык камсыздоолорду, роботторду, издөө агенттерин, башка автоматташтырылган же кол процесстерин же “экрандын мазмунун окуу”, көзөмөлдөө, “маалыматты издөө” же көчүрүү үчүн түзүлүштөрдү пайдалануу аракетин көрбөй турганыңызга макул болосуз. Сиздин Сайттын колдонуучуларына эч кандай учурда спам жөнөтүүгө укугуңуз жок. Сиз Сайттын туура иштөөсүнө тоскоолдук кылуу же тоскоолдук кылууга аракет көрүү үчүн, кандайдыр бир түзүлүштөрдү, программалык камсыздоону же процедураларды пайдаланбай турганыңызга макул болосуз. Сиз Сайтты же КРКА башка инфратүзүмдөрүн негизсиз же пропорционалдуу эмес олуттуу жүктөмүнүн пайда болушуна алып келиши мүмкүн болгон кандайдыр бир иш-аракеттерди көрбөй турганыңызга макул болосуз.

II. Купуялуулук жана жеке маалыматтар саясаты.

2.1. Купуялуулук жөнүндө жалпы жоболор.

КРКА ушул Сайттын колдонуучуларынан алынган маалыматты коргоого жана купуялуулугуна өзгөчө көңүл бурат. Мындай маалыматты жыйноо, сактоо, пайдалануу, жайылтуу, берүү жана иштетүүнүн башка ыкмалары жөнүндө кененирээк төмөндөгү маалыматтан окууну өтүнөбүз.

Интернет тармагынын тынымсыз өнүгүшү, ошондой эле маалымат жана маалыматташтыруу жөнүндө мыйзамдар ушул бөлүмдү мезгил-мезгили менен шайкеш келтирүүнү талап кылат, ошондуктан биз өзүбүзгө зарылчылыкка жараша бул бөлүмгө өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугун калтырабыз.

2.2. Колдонуучулардын жоопкерчилиги жана колдонуучулар маалыматты бергенде КРКА жоопкерчилигин чектөө

Ушул Сайттын ар бир колдонуучусу Сайтта ар кандай маалыматты калтыра алат. Биз Сизден бизге берип жаткан маалыматка кылдат, акылга сыярлык жана жоопкерчиликтүү мамиле кылууну жана анын ичинде бизге төмөндөгү маалыматтарды берүүдөн жана Сайтка жайгаштыруудан алыс болууну өтүнөбүз:

(1) Анык эмес (жалган), такталбаган, жасалма, каралаган маалыматтар, жана башка КРнын “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамында тыюу салынган маалыматтар;

(2) Жайылтуу үчүнчү жактардын ар-намысына, кадыр-баркына же ишкер беделине, бул жактардын мүлктүк укуктарына, алардын жашоосу жана ден соолугу, инсандын кадыр-баркы, жеке кол тийбестик, ар-намысы жана жакшы атына, ишкер беделине, жеке жашоонун кол тийбестигине, турак-жайдын кол тийбестигине, жеке жана үй-бүлөлүк сыр жана башка материалдык эмес жыргалчылыктар сыяктуу материалдык эмес жыргалчылыкка болгон укуктарына, үчүнчү жактардын башка укуктарына коркунуч келтирген маалыматтар;

(3) Сиз укук ээси болуп саналбаган, же эгер бизге мындай интеллектуалдык менчик объекттерин берүү боюнча Сиздин иш-аракеттер Сизде болгон укуктардын жана ыйгарым укуктардын чегинен чыккан, интеллектуалдык менчик объекттерин түзгөн маалыматтар;

(4) Сиз берүүгө же башка иш-аракеттерге укуктуу болбогон (мыйзам актылары, келишим, ишеним кат, сот актылары ж.б.) купуя маалыматтар, анын ичинде, бирок төмөндөгүлөр менен чектелбестен: башкалардын жеке маалыматтары; башкалардын коммерциялык сыры болуп саналган маалымат, мамлекеттик, кызматтык жана кесиптик сыр, дарыгерлик, салыктык, банктык сыр, тергөө сыры, мурастоо сыры, асырап алуу сыры, сыр төгүү сыры, инсайдердик маалымат болуп саналган маалыматтар жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мыйзам менен атайын корголгон сырга кирген башка маалыматтар;

(5) Кыргыз Республикасынын жайылтуу чектелген же тыюу салынган маалымат, анын ичинде, бирок төмөндөгүлөр менен чектелбестен: согушту пропагандалоого, улуттук, расалык же диний жек көрүүчүлүктү же кастыкты күчөтүүгө багытталган маалымат; порнографиялык мүнөздөгү маалымат; баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун иштеп чыгуунун, даярдоонун жана пайдалануунун ыкмалары, методдору, мындай каражаттарды, заттарды жана алардын прекурсорлорун сатып алуу орундары жөнүндө, баңги камтыган өсүмдүктөрдү өстүрүү ыкмалары жана орундары жөнүндө маалымат; өзүн өзү өлтүрүү ыкмалары, ошондой эле өзүн өзү өлтүрүүгө чакырыктар жөнүндө маалымат; жайылтуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынган, мыйзамга каршы аракеттердин (аракетсиздиктин) жыйынтыгында жабыркаган жашы жети элек жөнүндө маалымат, ошондой эле жашы жете электердин укуктарын жана коопсуздугун бузган башка маалымат; жайылтуу Кыргыз Республикасынын референдум жөнүндө мыйзамы жана Кыргыз Республикасынын шайлоо жөнүндө мыйзамы менен тыюу салынган же чектелген маалымат; жайылтуу үчүн жазык же административдик жоопкерчилик каралган же Кыргыз Республикасынын аймагында жайылтуу тыюу салынган же чектелген маалымат;

(6) Мындан башка мамлекеттин коопсуздугун, конституциялык түзүлүштүн негиздерин, жеке жана (же) юридикалык жактардын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын башкача жол менен бузуучу маалыматтар;

(7) Эгер биз Сизден бул маалыматты түз жана айкын түрдө сурабасак, атайын мүнөздөгү жеке маалымат, атап айтканда: фото-, видео жана башка жеке адамдын (адамдардын) реалисттик сүрөтү, анын ичинде Сиздин жеке сүрөттөр; Сиздин же башка бирөөнүн биометрикалык дайындары (дактилоскопиялык дайындар, көздүн карек чели, ДНК анализдери, бою, салмагы жана башкалар); расалык, улуттук таандыктуулугуна, саясый көз караштарына, диний же философиялык ынанымдарына, ден соолугунун абалына, интимдик жашоосуна, соттуулугуна же кесиптик кошуундагы же башка коомдук уюмдардагы мүчөлүгүнө тиешелүү дайындар. Биз атайын мүнөздөгү мындай жеке дайындарды камтыган маалыматты суроого укуктуу болгон учурларда, биз муну Сиздин айкын жазуу түрүндөгү макулдугуңуз менен жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жасайбыз.

Ушул сайт аркылуу колдонуучулардан маалыматты алууда КРКА компаниясында, эреже болгондой, берген маалыматтын же Сиз бизге берген маалыматты колдонууга карата Сизде болгон ыйгарым укуктардын ишенимдүүлүгүн текшерүү боюнча мүмкүнчүлүк жок. Биз Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык биз муну жасоого милдеттүү болгон тизмеде чектелген учурларда гана, Сиз берген маалыматты жана аны колдонууга карата Сиздин ыйгарым укуктарды текшеребиз. Калган учурларда биз априори Сиздин акылыңызга жана ак ниеттүүлүгүңүзгө ниет кылабыз жана Сиз берген маалыматты ишенимдүү, эч кимдин мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын, ошондой эле белгиленген чектөөлөрдү бузбаган катары, ал эми Сизди – бизге мындай маалыматты берүүгө ыйгарым укуктуу деп эсептейбиз. Эгер Сиз жогоруда көрсөтүлгөн бизге маалыматтардын белгилүү категориясын бербөө сунуштамаларын бузсаңыз, анда Сиздин иш-аракеттин жагымсыз кесепеттери үчүн бардык жоопкерчилик Сизге гана жүктөлүшү мүмкүн. Мында КРКА эгер ал мыйзам менен белгиленген маалыматты жана мындай маалыматты колдонууга карата Сиздин ыйгарым укуктарды текшерүү боюнча бардык иш-аракеттерди аткарса, мындай жоопкерчиликтен бошотулат.

Эгер Сиз биздин Сайтта өзүңүздүн же башкалардын жеке маалыматтарын же башка маалыматты Сиздин жеке демилгеңиз боюнча жайгаштырсаңыз (биз Сизден бул жеке маалыматтарды сурабаганда жана бул жеке маалыматтарды бербей коюу сайтты пайдаланууга тоскоолдук кылбаса) жана бир эле убакта Сиз айкын түрдө мындай маалыматты биздин же башка жактардын пайдалануусу боюнча чектөөлөрдү көрсөтпөсөңүз, анда мындай маалымат эгер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жоболорунда башкача түз көрсөтүлбөсө, купуя деп эсептелбейт.

Эгер Сайтта Сизге катыштуу анык эмес (жалган), кадыр-баркыңызга, ар-намысыңызга шек келтирген, ишкердик аброюңузду каралаган маалымат таркатылса, Сиз КРКА өкүлчүлүгүнө кайрылып, КРнын “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамынын жоболоруна ылайык, баракчадан же сайттан анык эмес (жалган) маалыматты тезинен (кайрылуу түшкөн убакыттан баштап 24 сааттын ичинде) өчүрүүнү жана ага чейин жайгаштырылган анык эмес (жалган) маалыматты төгүндөгөн маалыматты жайгаштырууну талап кыла аласыз.

мындай талап төмөнкү дарекке жөнөтүлүүгө тийиш:

«КРКА, tovarna zdravil, d.d., Novo mesto» (КРКА,товарна здравил,д.д., Ново место) Акционердик Коомдун Өкүлчүлүгү
Кыргыз Республикасы
720040, Бишкек шаары, Эркиндик бульвары, 71- уй
Электрондук почта info.kg@krka.biz

2.3. Жеке маалыматтар

Аныкталган же аныкталуучу жеке адамга (жеке дайындардын субъектине) түз же кыйыр тиешелүү болгон бардык маалымат жеке маалыматтар болуп саналат. Сиздин жеке маалыматтарга, атап айтканда, Сиздин фамилияңыз, атыңыз, атаңыздын аты, туулган жылыңыз, айыңыз, күнүңүз жана орду, электрондук почта дарегиңиз, почта дарегиңиз же телефон номериңиз, үй-бүлөлүк, социалдык, мүлктүк абалыңыз, билимиңиз, кесибиңиз, кирешеңиз жана башка ушул өңдүү маалыматтарыңыз кирет.

Ушул Сайтта иштетилген маалымат (анын ичинде аны жыйноо, жазуу, системалаштыруу, топтоо, сактоо, тактоо (жаңылоо, өзгөртүү), алуу, пайдалануу, берүү (жайылтуу, берүү, кирүү), анын ичинде чек ара аралык берүү, ээсиздендирүү, бөгөттөө, өчүрүү, жок кылуу) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Сиздин жеке маалыматтарга кирсе, анда мындай маалыматты иштетүү жана коргоо КРКА жана КРнын “Жеке мүнөздөгү маалыматтар жөнүндө” мыйзамы менен бекитилген “Жеке маалыматтарды иштетүү жана коргоо чөйрөсүндөгү саясатка” (мындан ары – ЖД Саясаты) ылайык ишке ашырылат. Сизге бул шилтеме аркылуу өтүп, мындай ЖД Саясаты менен таанышууну сунуштайбыз. Аталган ЖД Саясатында жеке маалыматтарды иштетүүгө жана коргоого карата КРКА укуктары, милдеттери жана жоопкерчилиги, ошондой эле мындай жеке дайындарды берүүдөгү Сиздин укуктарыңыз, милдеттериңиз жана жоопкерчилигиңиз белгиленген.

Сайттын айрым бөлүмдөрүндө биз Сиз Сайттын айрым функцияларынын артыкчылыктарын пайдалана алышыңыз үчүн, Сизден жеке маалыматтарыңызды берүүнү сурашыбыз мүмкүн, мисалы:

(1) бул Сайттын жардамы менен биздин дары препараттарды колдонууда пайда болушу мүмкүн болгон жагымсыз көрүнүштөр (кыйыр таасирлер ж.б.) жөнүндө маалыматты берүү мүмкүнчүлүгү;

(2) биздин продукттар жөнүндө, алардын сатыкта болушу же жоктугу жөнүндө бизге Сиздин пикирлерди берүү, бизге дооматтарды билдирүү ж.б. мүмкүнчүлүгү;

(3) Сиздин КРКА компаниясында бош кызмат орундарын издөө мүмкүнчүлүгүңүз;

(4) конкреттүү иш-чарага катышуу мүмкүнчүлүгү (мисалы, конкурска жана/же байге утуштары менен промо-акцияларга ж.б.);

(5) жаңылыктарды, сунуштарды, кеңештерди, шилтемелердин көрсөткүчтөрүн ж.б. жөнөтүүгө жазылууну пайдалануу мүмкүнчүлүгү.

Сайтта Сизден жеке маалыматтар суралган бардык учурларда, биз Сизге кайсы маалыматты берүү Сиздин жогоруда көрсөтүлгөн артыкчылыктарды алууңуз үчүн милдеттүү болуп саналаары, ал эми кайсы маалымат берүүгө милдеттүү эместиги жөнүндө эскертебиз. Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында каралган тартипте, Сиз берген жеке маалыматтарыңызды алууга жана аларды андан ары иштетүү боюнча белгилүү бир иш-аракеттерди ишке ашырууга жазуу жузүндө макулдугуңуз суралат.

Сиз бизге жеке маалыматтарды берүү боюнча Сиздин милдет Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген учурлардан гана тышкары, бизге өзүңүздүн жеке маалыматтарды бербей коюуга (аларды берүүдөн же иштетүүдөн баш тартууга) укуктуусуз. Калган учурларда, жеке маалыматтарды берүү мыйзам боюнча милдеттүү болбогондо, Сиз бизге өзүңүздүн жеке маалыматтарды бербегенде, Сиз ушул Сайтты тоскоолдуксуз пайдалана аласыз, бирок Сизге айрым өзгөчөлүү кошумча артыкчылыктарды, анын ичинде жогоруда жазылган артыкчылыктарды берүү техникалык мүмкүнчүлүгүбүз болбойт.

Биз муну конкреттүү сураган учурлардан тышкары, биз Сизге жеке, өздүк мүнөздөгү (мисалы, расалык же этностук таандыктуулук, саясый көз караш, диний же философиялык ынанымдар, ден соолуктун абалы, интимдик жашоо, соттуулук же кесиптик кошуундардагы, коомдук уюмдардагы мүчөлүк ж.б. маселелерине тиешелүү маалыматты, Сиздин фото-, видеосүрөттөрдү ж.б. реалисттик сүрөттөрдү; Сиздин биометрикалык дайындарды, анын ичинде дактилоскопиялык дайындарды, көздүн карек чели жөнүндө маалыматты, ДНК анализдери, бою, салмагы ж.б.) эч кандай маалыматты бизге Сайтта же ал аркылуу же башкача ыкма менен жөнөтпөөнү жана ачыктабоону сунуштайбыз. Биз дайындардын атайын категориясын камтыган маалыматты сураган учурларда, биз муну Сиздин айкын жазуу түрүндөгү макулдугуңуз менен жана мыйзамда белгиленген тартипте жасайбыз.

Жашы жете электердин жеке маалыматтарын биз артыкчылыктуу учурларда гана, биринчи кезекте бизге бул мыйзам менен белгиленгенде, алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнөн сурайбыз. Мында дайыма бул жашы жете элек адамдардын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн (ата-энесинин, асырап алуучулардын, камкорчулардын ж.б.) алдын ала макулдугун сурайбыз. Жашы жете элек адамдардын жеке маалыматтарын жыйноо жана иштетүү зарыл болгон учурларда биз алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнө төмөндөгүлөрдү беребиз:

(1) жашы жете электерден чогултула турган жеке маалыматтардын өзгөчөлүү түрлөрү жөнүндө кабарлама;

(2) мындай маалыматты чогултуудан жана иштетүүдөн баш тартуу, анын ичинде мурда берилген жеке маалыматтарды мындай иштетүүгө макулдукту артка чакырып алуу укугу;

(3) жеке маалыматтар субъекттерине жана алардын өкүлдөрүнө берилген башка укуктар.

Сиз биздин суроо-талап боюнча берген жеке маалыматтарды алар бизге берилген максаттар үчүн гана пайдаланабыз. Эгер биз Сиздин жеке маалыматтарды ээсиздендирүүнү жүргүзсөк (б.а. жыйынтыгында кошумча маалыматты пайдалануусуз бул жеке маалыматтардын конкреттүү Сизге таандыктуулугун аныктоо мүмкүн болбой калган иш-аракеттер), анда биз мындай ээсиздендирилген жеке маалыматтарды статистикалык же башка изилдөө максаттарында пайдаланууга укуктуубуз.

Сиз берген жеке маалыматтар КРКА компаниясы тарабынан алар чогултулган максаттарга жетүү үчүн керек болгон убакыт ичинде гана сакталат жана пайдаланылат.

Жеке маалыматтарын КРКА иштеткен бардык адамдар төмөндөгү укуктарга ээ болушат:

(1) өзүнүн жеке маалыматтарына кирүү укугу, б.а. КРКА компаниясынан өзүнүн жеке маалыматтарына тиешелүү маалыматтарды алуу (мындай маалыматтардын тизмеги Кыргыз Республикасынын жеке маалыматтар жөнүндө мыйзамы менен белгиленет);

(2) КРКА компаниясына берилген өзүнүн жеке маалыматтарын иштетүүгө өзүнүн макулдугун артка чакырып алуу укугу;

(3) эгер жеке маалыматтар толук эмес, эскирген, так эмес, мыйзамсыз алынган болуп саналса же иштетүүнүн билдирилген максаттары үчүн керектүү болуп саналбаса, КРКА компаниясынан өзүнүн жеке маалыматтарын тактоону, аларды бөгөттөөнү же жок кылууну талап кылуу укугу;

(4) өзүнүн жеке маалыматтарына карата КРКА компаниясынын аракетин же аракетсиздигин даттануу укугу;

(5) өзүнүн укуктарын коргоо боюнча мыйзам менен каралган башка чараларды көрүү укугу;

(6) башка укуктар, эгер мындайлар мыйзам менен белгиленсе.

Бул укуктардын көлөмүн жана аларды ишке ашыруунун тартибин кеңири сүрөттөө Кыргыз Республикасынын жеке маалыматтар жөнүндө мыйзамында, ошондой эле бул жерде тиркелген, КРКА бекиткен Жеке маалыматтарды иштетүүгө карата саясатта каралган.

Өзүңүздүн жеке маалыматтар жөнүндө дайындарды алуу, биз иштеткен Сиздин жеке маалыматтар менен таанышуу, аларды тактоо, бөгөттөө же жок кылуу, аларды жеке маалыматтардын жалпы жеткиликтүү булактарынан алып салуу, аларды иштетүүгө макулдукту артка чакырып алуу маселелери боюнча, “Жеке маалыматтарды коргоо жана иштетүү жаатындагы саясатка” жана КРнын “Жеке мүнөздөгү маалыматтар жөнүндө” мыйзамына ылайык, тиешелүү арыз менен КРКА өкүлчүлүгүнө кайрылууңузду өтүнөбүз.

Мындай арыз төмөнкү дарек боюнча жөнөтүлүүгө тийиш:

«КРКА, tovarna zdravil, d.d., Novo mesto» (КРКА, товарна здравил,д.д., Ново место) Акционердик Коомдун Өкүлчүлүгү
Кыргыз Республикасы
720040, Бишкек шаары, Эркиндик бульвары, 71- уй
Электрондук почта: info.kg@krka

2.4. Маалыматты пассивдүү жыйноо жана пайдалануу

Сиз бул Сайтты пайдаланган убакта ар кандай технологияларды пайдалануу менен маалыматты пассивдүү жыйноо жүргүзүлүшү мүмкүн (башкача айтканда, маалыматты берүүгө багытталган атайлап иш-аракеттерди жасабай). КРКА маалыматтарды ар кандай ыкмалар менен, анын ичинде төмөндөгүлөр аркылуу пассивдүү жыйнайт жана пайдаланат:

(1) Сиз пайдаланган браузер аркылуу. Белгилүү категориядагы маалыматтар көпчүлүк браузерлер тарабынан жыйналат, мисалы: сиздин маалыматтарды берүү чөйрөгө карата жетүү мүмкүндүгүңүздү башкаруу дарегиңиз, экрандын жөндөмдүүлүгүн жөндөгөн сиздин компьютердин операциялык системасынын түрү жана версиясы, Интернет-барузердин түрү жана версиясы. Биз эгер сиз бул Сайтка мобилдик түзүлүш аркылуу кирсеңиз, сиздин түзүлүштүн тиби жана идентификатору сыяктуу маалыматты жыйнай алабыз.

(2) «Сookie» файлдарын пайдалануу менен. «Сookie» файлдары — бул түздөн-түз сиз пайдаланган компьютерде же мобилдик түзүлүштө сактала турган маалыматтын фрагменттери. Сиз кийинки жолу бул Сайтка киргенде, маалыматтар кайра бул «cookie» файлынан берилет жана Сайт аны тааныйт. Бул технологиянын жана алынган маалыматтардын максаты – бул Сайтты, ошондой эле Сиздин бул жана башка сайттарды жана жалпысынан Интернет тармагын пайдалануу тажрыйбаңызды жакшыртуу. Көпчүлүк веб-браузерлер бардык «cookie» файлдарын пайдаланууга уруксат берет.

КРКА сеанстык жана туруктуу «cookie» файлдарды пайдаланат. Сеанстык «cookie» файлдары Сиз биздин Сайттан чыгып кеткенден кийин, белгилүү мезгил аралыгында Сиздин компьютерде сакталат. Сеанстык «cookie» файлдары биздин Сайтка кирүүлөрдүн санын эсептөө үчүн пайдаланылат. Мындан тышкары, биз башка Сайттардан келген туруктуу «cookie» файлдарын пайдаланабыз, алар биздин Сайттын беттеринде Сиздин жылып жүрүүңүздү, кайсы мазмун Сиз үчүн кызыктуу экенин жана Сиз Сайттын өзүнчө бетинде канчалык узак токтой турганыңызды билүүнү шарттайт.

Биз статистикалык максаттар үчүн, биздин сервер менен байланыштуу кыйынчылыктарды аныктоо үчүн жана биздин Сайтты администрациялоо максаттары үчүн, ошондой эле Сизге биздин продукция жана кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө маалымдоо үчүн «cookie» файлдарынын жардамы менен жыйналган маалыматтарды иштетебиз. Мындай маалыматтарды жыйноо жана иштетүү Сиз жана Сиздин жеке маалыматтар мындай маалыматты пайдалануунун натыйжасында идентификацияланбагандай, ээсиздендирилген формада гана жүргүзүлөт.

Сизде «cookie» файлдарын каалаган убакта өчүрүп салуу же жокко чыгаруу мүмкүнчүлүгү бар. Эгер өзүңүздүн компьютерден файлдарды өчүрүүнү же жокко чыгарууну кааласаңыз, Сиз веб-браузериңиздин тескемелерин өзгөртө аласыз. Мында биз Сизге эгер Сиз «cookie» файлдарын өчүрсөңүз же жокко чыгарсаңыз, анда браузердин, ошондой эле бул Сайттын программалык камсыздоосунун бүтүндөй функционалын пайдалана албай турганыңыз жөнүндө эскерткибиз келет. Сиздин веб-браузерде «cookie» файлдарын кантип контролдоо, өчүрүү же алардан баш тартуу керектиги жөнүндө кеңири маалыматты төмөндөгү дарек боюнча таба аласыз: www.aboutcookies.org.

(3) Жүрүм-турумдук онлайн-жарнама аркылуу. «Сookie» файлдарын жана башка ушул өңдүү технологияларды пайдалануу (интернет-теги, бир пикселдик GIF-файлдар, бош GIF-файлдар, көрүнбөгөн GIF-файлдар жана 1-на-1 уруксаты менен GIF-файлдар) биздин четтик жеткирип берүүчүлөргө сиз Сайтка, Интернеттеги башка веб-сайттарга киргенде продукттар жана кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө жарнаманы берүүнү шарттайт. Бул жеткирип берүүчүлөр сиздин Сайтка, башка веб-сайттарга кирүүңүз жөнүндө маалыматты Сизге кызыктуу боло турган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө жарнаманы жайгаштыруу үчүн пайдалана алат.

(4) Сиздин IP-дарек жөнүндө маалыматты пайдалануу менен. Сиздин IP-дарек – бул Сиздин интернет-кызмат көрсөтүүлөр провайдериңиз тарабынан Сиздин компьютерге автоматтык түрдө ыйгарыла турган номер. Сиздин түзүлүштүн IP-дареги Сиз биздин Сайтка ар бир киргенде биздин Сервердин файлдарында аныкталат жана автоматтык түрдө катталат; мындан тышкары сапар убактысы жана каралган беттер катталат. IP-даректерди жыйноо Интернет тармагында стандарттуу практика болуп саналат жана көпчүлүк веб-сайттар тарабынан автоматтык түрдө жүргүзүлөт. Биз мындай максаттарда Сайтка кирүүнүн деңгээлин эсептөө, сервердеги көйгөйлөрдү аныктоо жана Сайтты администрациялоо катары IP-даректерди пайдаланабыз.

(5) Түзүлүш тууралуу маалыматты жыйноо аркылуу. Биз Сиз анын жардамы менен биздин Сайтка кирип жаткан мобилдик түзүлүш жөнүндө маалыматты жыйнай алабыз, мисалы, түзүлүштүн уникалдуу идентификатору.

2.5. Маалыматты иштетүү жана коргоо

Сиз бизге берген маалыматты бул маалыматтарды топтоодо биз түз көрсөткөн ыкмалар менен пайдаланабыз жана ачыктайбыз.

Кошумча, эгер бул Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбесе, биз Сизден берилген маалыматты пайдаланабыз:

(1) Сиздин суроолорго жооп берүү жана Сиздин суроо-талаптарды аткаруу үчүн, мисалы, Сиз сураган документтерди же эскертүүлөрдү электрондук почта аркылуу жөнөтүү;

(2) Биздин Сиз менен мамилелерибиз жөнүндө же Сайт жөнүндө, анын ичинде биздин шарттардын, жоболордун жана саясаттардын жана (же) башка маалыматтын өзгөрүүлөрү жөнүндө маанилүү маалыматты, эгер Сиз бизден мындай маалыматты алуудан баш тартпасаңыз, Сизге жөнөтүү үчүн;

(3) бизнес жүргүзүү үчүн, мисалы, дайындарды талдоо, жаңы продукттарды иштеп чыгуу, ушул Сайтты, биздин продукттарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү өркүндөтүү үчүн, биздин продукттарга жана кызмат көрсөтүүлөргө, алар жөнүндө маалыматтарга болгон Сиздин керектөөлөрдү толук жана сапаттуу канааттандыруу үчүн, биздин жарнама кампанияларыбыздын натыйжалуулугун аныктоо үчүн.

Ошондой эле биз Сайт аркылуу чогултулган маалыматты ачыктайбыз:

(1) Кыргыз Республикасынын аймагында турган КРКА компаниясы;

(2) биздин хостинг жана веб-сайтты администрациялоо, дайындарды талдоо, МТ-кызмат көрсөтүүлөр, кардарларды тейлөө ж.б. сыяктуу кызмат көрсөтүүлөрдү четтик жеткирип берүүчүлөргө өзүнүн кызматтарын көрсөтүүнүн техникалык мүмкүнчүлүгүн берүү үчүн;

(3) КРКА кайра уюштуруу же жоюу, сатуу, өткөрүп берүү, банкроттукка, соттук процесске, мамлекеттик жана муниципалдык органдардын эскертүүлөрүн аткаруу ж.б. менен байланыштуу бүтүмдөрдүн ишке ашыруу процессинде КРКА кандайдыр бир акцияларын, мүлкүн, активдерин толук же жарым-жартылай берүү учурунда үчүнчү жактарга.

Мындан тышкары, биз Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын талаптарына ылайык мындай маалыматты берүүбүз керек болгон же берүү орундуу же берүүгө милдеттүүбүз деп эсептеген, Сайт аркылуу чогултулган маалыматты пайдаланабыз жана ачыктайбыз:

(1) сот процесстерине, административдик же жазык иликтөөлөрүнө ж.б. көмөктөшүү максаттарында;

(2) мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын суроо-талабына жооп катары;

(3) биздин ишмердикти жана биздин аффилирленген жактарды коргоо максаттарында;

(4) Сиздин укуктарды, купуялуулукту, коопсуздукту же мүлктү жана (же) КРКА жана анын аффилирленген жактарынын жана башка жактардын укуктарын, купуялуулугуна, коопсуздугун же мүлкүн коргоо максаттарында;

(5) биздин жеткиликтүү укуктук коргоо каражаттарын пайдалана алуубузду шарттоо же биз тарта турган зыяндын көлөмүн чектөө үчүн.

Ошондой эле биз, Сиздин макулдугуңуз менен, Сайт аркылуу чогултулган маалыматты башка максаттарда дагы пайдаланып жана ачыктай алабыз.

Ошондой эле биз Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамына ылайык башкача кылууга милдеттүү болгон учурлардан (мисалы, эгер биз мындай маалыматка жеке маалымат катары мамиле кылууга милдеттүү болгон учурлар) тышкары, биз жогорудагы «Маалыматты пассивдүү жыйноо жана пайдалануу» бөлүмүндө сүрөттөлгөндөй, пассивдүү жана башка максаттарда жыйналган маалыматты пайдаланабыз жана ачыктайбыз. Мындан тышкары, биз кандайдыр бир максаттарда өздүгүн аныктоону шарттабаган формада сакталган маалыматты пайдаланып жана ачыктай алабыз.

2.6. Коопсуздук чаралары

КРКА Сиздин дайындарды манипуляциялоодон, жоготуудан же бузуудан, ошондой эле ага тиешелүү ыйгарым укуктары жок адамдардын кирүүсүнөн коргоо үчүн, техникалык жана уюштуруу сактык чараларын пайдаланат. Биз “онлайн” режиминде чогулткан маалыматтардын коопсуздугун жана купуялуулугун камсыздоо үчүн, КРКА тармактык стандартка ылайык келген брандмауэр жана пароль менен корголгон дайындарды берүү тармагын пайдаланат. КРКА маалыматтарды иштетүүдө аларды жоготуудан, мыйзамсыз пайдалануудан, санкцияланбаган кирүүдөн, жарыялоодон, өзгөртүүдөн жана жок кылуудан коргоо үчүн керектүү чараларды көрөт. Биз сизге дайындарды иштетүүдө аларды жоготуудан, мыйзамсыз пайдалануудан, санкцияланбаган кирүүдөн, жарыялоодон, өзгөртүүдөн жана жок кылуудан кепилдиктерди бере албагандыктан, биз акылга сыярлык жетиштүү чаралар менен мындай күтүүсүз көрүнүштөрдүн алдын алууга аракет кылабыз.

III. Сайттын колдонуучуларынын жоопкерчилиги жөнүндө башка жоболор

Эгер Сиз КРнын “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамынын талаптарын жанан (же) Сайтты колдонуучуларга берилген Укуктук шарттардын талаптарынын бирин бузганыңыз тууралуу бизге белгилүү болсо, биз дароо керектүү чараларды, анын ичинде КРКА сунуштаган кызмат көрсөтүүлөрдү пайдаланууга тыюу салуу жана сайтта мындай колдонуучу жайгаштырган маалыматты, дайындарды жана мазмунду каалаган убакта жана кабарлоосуз өчүрүү же блок коюу ошондой эле, мыйзамда бекитилген учурларда Сиз тарабынан мурда жайгаштырылган анык эмес (жалган) маалыматты төгүндөгөн маалыматты жайгаштыруу чараларын көрө алабыз. Эгер Сиздин бузуулардын кесепетинде бизге зыян келтирилсе, анда биз, өзүбүздүн жеке карообуз боюнча, сиздин чыгашалардын ордун толтурууну, ошондой эле Сиздин бузуулардын башка кесепеттерин колдонууну талап кыла алабыз.

IV. Юрисдикция жана башка жоболор

Ушул Сайтты пайдалануу шарттары жана Сайттын ушул бетинде жарыяланган башка укуктук маалыматтар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлгөн жана чечмелөөгө жатат. Сиздин бул Сайтты пайдаланууңуз, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген, талаштардын соттуулук жана ведомствого караштуулук эрежелерине ылайык, ушул Сайтты пайдалануу менен байланыштуу бардык доолор үчүн Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан соттордун юрисдикциясы менен Сиздин макулдугуңузду түшүндүрөт.

Эгер ушул «Укуктук маалымат» бөлүмүнүн жоболорунун бири мыйзамсыз, жараксыз болуп калса же юридикалык күчүн жоготсо, мындай жобо бөлүнмө деп эсептелет жана мыйзамда колдонулган жоболорго ылайык чечмеленет. Мындай жобо калган жоболордун жарактуулугуна жана юридикалык күчүнө таасирин тийгизбейт. Сиздин же башка адамдардын жогоруда берилген «Укуктук маалымат» бөлүмүнүн шарттарын бузуусу менен байланыштуу КРКА компаниясынын аракетсиздиги КРКА компаниясынын мындай бузууларга же башка кийинки бузууларга карата өзүнүн укуктарынан баш тартуусун түшүндүрбөйт жана мындай укуктарда КРКА компаниясын чектебейт.

Бул “Укуктук маалымат” бөлүмүндө чагылдырылбаган Сайттын, КРКА ишмердүүлүгү, анын продукциялары жана кызматтарына байланыштуу туурасында бардык суроолор, арыз, сунуштар боюнча төмөнкү дарек боюнча кайрылууңузду өтүнөбүз:

«КРКА, tovarna zdravil, d.d., Novo mesto» (КРКА,товарна здравил,д.д., Ново место) Акционердик Коомдун Өкүлчүлүгү
Кыргыз Республикасы
720040, Бишкек шаары, Эркиндик бульвары, 71- уй
Электрондук почта info.kg@krka.biz