Тамак оорусуна каршы үч түрдүү таасир!

Button
Вибачте, сайт може працювати некоректно у браузері Internet Explorer. Будь ласка використовуйте інші браузери: Google Chrome, Safari або Mozilla Firefox для зручної роботи з сайтом Septolete.ua Завантажити Google Chrome: https://www.google.com/intl/uk/chrome/

Тонзиллиттин (ангинанын) себептери жана белгилери

Тонзиллит катуу тамак оорунун жана жутуунун кыйындашынын себеби болушу мүмкүн. Келгиле, ушул тууралуу кененирээк сүйлөшөлү.

Тонзиллит деген эмне?

Тонзиллит – бул тамак бездеринин же гланддын (эки аталышы тең колдонулат) сезгениши, кекиртектин арткы бөлүгүнүн эки тарабында бирден жайгашкан эки сүйрү симметриялуу ткань жаздыкчалары. Тонзила – тамак бездеринин мааниси үчүн колдонулган латын сөзү, ушундан улам оору тонзиллит деп аталып калган.

Тамак бездери лимфа ткандарынын жыйындысы. Алар иммунитетти түзүүгө катышат жана инфекциялар менен күрөшүү үчүн антителаны иштеп чыгат – бул оору жасоочу микроорганизмдердин дем алуудагы алгачкы коргоонуу линиясы. Бирок тамак бездери бактериялардын же вирустардын таасирине кабылышат. Натыйжада алар сезгенишет жана шишишет.

Тонзиллиттин белгилерине жана сипмтомдоруна тамак бездеринин сезгениши, тамактын оорушу, жутуунун кыйындашы, моюндагы лимфа түйүндөрүнүн чоңоюшу жана оорушу кирет.

Тонзиллиттин үч тиби бар:
  • Курч тонзиллит: симптомдору адатта 3-4 күнгө созулат, бирок 2 жумага чейин созулушу мүмкүн.
  • Кайталануучу тонзиллит: тонзиллит жылына бир нече жолу пайда болот.
  • Өнөкөт тонзиллит: кабылган стрептококк инфекциясынын натыйжасында пайда болот, мында тамак бездериндеги сезгенүү процесси сакталат.

Биз негизги симптомдорду сүрөттөдүк. Тонзиллиттин дагы кандай симптомдору пайда болушу мүмкүн?

  • Дене табынын көтөрүлүшү, ысуу жана чыйрыгуу.
  • Тамак бездеринин кызарышы
  • Тамак бездериндеги ак же сары ириңдүү катмарлар.
  • Баш оору
  • Табиттин жоголушу
  • Кулактын оорушу
  • Ооз көңдөйүнөн жагымсыз жыттын чыгышы
  • Моюндун булчуңдарынын катуулашы.
Тонзиллит эмне үчүн пайда болот?

Тонзиллит көбүнчө вирустар аркылуу пайда болгонуна карабастан, бактериялык инфекциялар да анын себеби болушу мүмкүн. Анткени тонзиллитти туура дарылоо анын себебине жараша болот, ооруну өз убагында жана так аныктоо маанилүү.

Тонзиллитти пайда кылган эң көп таралган бактериялар – булар Streptococcus pyogenes (А тобундагы стрептококктор), тамак ооруну пайда кылуучу бактериялар. Бирок стрептококктун башка штаммдары жана башка бактериялар да тонзиллитти чакырышы мүмкүн.

Стрептококк тонзиллити (көбүнчө ангина деп аталат) бир топ олуттуу симптомдорго ээ – тамактын күтүүсүздөн оорушу жана дене табынын көтөрүлүшү. Эгерде ангинаны дарылабаса жана антибиотиктер менен дарылоонун толук курсун албаса, анда ал бир топ олуттуу оорулардын өөрчүшүнө (мисалы, ревматикалык калтыратмага, бөйрөктөрдүн сезгенишине, пост- стрептококк реактивдүү артритке ж.б.) алып келиши мүмкүн.

Тонзиллитти дарылоо үчүн үй шартындагы каражаттар

Келгиле, тонзиллиттин вирустук же бактериялык инфекциялар аркылуу пайда болгонуна карабастан, үй шартында кантип дарылоого боло тургандыгын аныктайбыз.

Эгерде тонзиллиттин себеби вирус болсо, дарыгер антибиотиктерди дайындабайт, ошондуктан ден соолукту калыбына келтирүүгө жана инфекция менен күрөшүүгө жардам бере турган бир нече үй шартындагы каражаттар бар.

  • Көп эс алыңыз жана уктаңыз – бул ооруну үй шартында дарылоодогу биринчи жана эң мыкты каражат.
  • Суюктукту көп ичиңиз – организмдин суу балансын колдооого алуу абдан маанилүү.
  • Тамактын дүүлүгүүсүн пайда кылган тамак-аштардан жана суусундуктардан алыс болуңуз. Шорпо, чай же жылуу суу сыяктуу суусундуктар тамактын оорусун тынчтандырат.
  • Эгерде бөлмөдөгү аба кургак болсо, тамак андан да көп жабыркайт, ошондуктан бөлмөдөгү нымдуулук жетиштүү болушу үчүн аба нымдагычтарды колдоонуу керек.
  • Козгогучтардан алыс болуңуз. Үйдүн ичинде чылым чекпеңиз жана тамактын дүүлүгүшүн күчөтө турган химиялык тазалоочу каражаттарды колдонбоңуз.
  • Симптомдорду (оору, дүүлүгүү жана сезгенүү) жеңилдетүү үчүн пастилка же спрей түрүндөгү рецептсиз дарыларды колдонуңуз. Септолете® Тотал сизде кандай жардам бере турганы тууралуу бул жерден окуңуз.

Жогоруда көрсөтүлгөн бардык каражаттар бактериялык инфекцияда да жардам берет, бирок булардан сырткары дарыгер дайындаган антибиотиктердин курсун абалыңыз жакшырса да, аягына чейин толук колдонушуңуз керек.

Айрым учурларда өнөкөт тонзиллитте хирургиялык кийлигишүү талап кылынат. Тамак бездери өнөкөт оорулардын очогу болуп калат, бул иммунитеттин төмөндөшүнө жана респиратордук оорулар менен бат-баттан оорууга алып келет. Операциялык кийлигишүүнүн зарылдыгын дарыгер аныктайт.