Тамак оорусуна каршы үч түрдүү таасир!

Button
Вибачте, сайт може працювати некоректно у браузері Internet Explorer. Будь ласка використовуйте інші браузери: Google Chrome, Safari або Mozilla Firefox для зручної роботи з сайтом Septolete.ua Завантажити Google Chrome: https://www.google.com/intl/uk/chrome/

Ларингит

Тамак ооруларынын ичинде ларингит өзгөчө орунду ээлейт. Ал концерттерге дайыма барган адамдарга, караоке сүйүүчүлөрүнө, спорт фанаттарына, мугалимдерге, алып баруучуларга жана көп сүйлөөгө туура келген бардык адамдарга жакшы белгилүү.

Ларингит деген эмне?

Ларингит – үн байламталарынын инфекциясы, кычышуу же ашыкча чыңалуу менен пайда болгон кекиртектин жана үн байламталарынын былжырлуу кабыгынын сезгениши.

Үн байламталары кекиртекте жайгашкан. Алар кекиртектин эки капталындагы бириктирүүчү ткандардан жана булчуңдардан турган эки бүктөмдөн турат. Эркин дем алуу убагында үн байламталары бош болот да, абанын эркин өтүшүнө тоскоолдук жаралбайт. Сүйлөө процессинде үн байламталары өз кыймылдары жана дирилдөөлөрү менен үндү жаратып, жай салмактуулук менен ачылат жана жабылат.

Ларингитте үн байламталары сезгенет жана шишийт, бул алар аркылуу өтүүчү үндүн бузулушуна алып келет. Үн каргылданып калат же такыр жоголот.

Симптомдору

Ларингиттин эң көп кездешкен симптомдору:

  • Кургак жөтөл.
  • Үндүн начарлашы.
  • Үндүн жоголушу.
  • Тамактын кургашы.
  • Тамактын дайыма кычышуусу же дүүлүгүшү.

Бул симптомдор адатта жеңил симптомдор, үн байламталарын эс алдыруу менен аларды айыктырууга болот. Тамакты нымдаштыруу үчүн жылуу суюктук (суу же кофеинсиз башка суюктуктар) ичүү сунушталат.

Эгерде дарыгерге барууну чечсеңиз, дарыгер текшерүүдө эмнени байкашы мүмкүн?

Ларингит үн байламталарын жана кекиртекти жабыркатат. Дарыгер үн байламталарын текшерүү үчүн атайын күзгүнү колдонуп, визуалдык аныктоо жүргүзө баштайт. Кылдат изилдөө үчүн ларингоскопия жасалышы мүмкүн.

Дарыгерге качан кайрылуу керек?

Адатта үн байламталарын эс алдырып, жетиштүү өлчөмдө суюктук ичүү менен курч ларингитти өз алдынча айыктырууга болот. Бирок симптомдор 3 күндөн ашык убакыт сакталса, анда дарыгерге кайрылуу керек.

Эгерде сизде төмөнкү симптомдор жаралса, дароо медициналык жардам үчүн кайрылыңыз:

  • дем алуу көйгөйлөрү
  • кан аралаш жөтөл
  • жогорку дене табы (сакталса жана төмөндөбөй жатса)
  • күчөгөн оору (бир нече жума бою).

Ошондой эле балада төмөнкү учурлар байкалса да, дарыгерге көрсөтүү керек:

  • Дем алуусу катуу, чыйылдаган үн менен коштолсо.
  • Шилекей көп акса.
  • Жутуу көйгөйлөрү бар болсо.
  • Дем алуусу кыйындаса.
  • Төмөндөбөгөн жогорку дене табы бар болсо.
Оорунун өтүшү

Ларингит курч (кыска мөөнөттүү) же өнөкөт (узак мөөнөттүү) болушу мүмкүн. Көпчүлүк учурларда ларингит вирустук инфекциялар менен пайда болот. Үндүн дайыма каргылданышы кээде олуттуу оорунун бар экендигин көрсөтүшү мүмкүн.

Курч ларингит

Курч ларингит – бул үн байламталарын ашыкча иштетүү менен пайда болгон убактылуу абал. Ал да жогорку дем алуу жолдорунун инфекциялары же ашыкча үшүп калуу менен пайда болушу мүмкүн. 

Курч ларингиттин эң көп кездешкен себептери:

  • Вирустук инфекциялар
  • Сүйлөөдө же кыйкырууда үн байламталарынын чыңалышы
  • Бактериялык инфекциялар.
Өнөкөт ларингит

Өнөкөт ларингит козгогучтардын узакка созулган таасиринин натыйжасында пайда болот. Адатта ал бир топ оор өтөт жана курч ларингитке караганда узакка созулган кесепеттерге ээ.

Өнөкөт ларингит пайда болушу мүмкүн:

  • Зыяндуу химикаттардын же аллергендердин тез таасири менен.
  • Кислота рефлюксу менен (адатта ашказандагы кислота кызыл өңгөчкө түшкөн абал).
  • Мурун көңдөйүнүн тез инфекциялары менен.
  • Чылым чегүү же чылым чегүүчү адамдардын жанында жүрүү менен
  • Үн байламталарынын ашыкча чыңалуусу менен (мугалимдер, ораторлор тобокел зонасында)
  • Астма үчүн колдонулган ингаляторлорду көп колдонуу менен пайда болгон грибок инфекциялары менен.

Үн байламталарынын формасынын жаш курактык өзгөрүүлөрү, онкологиялык процесстер жана үн байламталарынын шал оорусу да үндүн тынымсыз каргылданышын жана тамактын оорушун пайда кылышы мүмкүн.

Ларингитти кантип дарылоо керек?
  • Болушунча аз сүйлөгөнгө аракет кылыңыз.
  • Суюктукту көп ичиңиз.
  • Бөлмөдөгү нымдуулукка көңүл буруңуз, анткени борбордук жылуулук жана кондиционер абаны ашыкча кургатып салат.
  • Ооруну жана дүүлүгүү симптомдорун, тамактын кургашын жана ачышканын  жеңилдетүү үчүн Септолете® Тотал сыяктуу рецептсиз продукцияларды колдонууга болот.
Эмнелерди кылбоо керек:
  • Катуу сүйлөбөңүз жана шыбырабаңыз, анткени шыбыроо да үн байламталарынын чыңалышына алып келет; унчукпай коюу же тең салмактуу токтоо үн менен сүйлөгөн жакшы.
  • Чылым чекпеңиз.
  • Түтүн же чаң баскан жайларга кирбеңиз.
  • Кофени өтө көп ичпеңиз жана ичимдик ичпеңиз.