Септолете® тотал тамакты дарылоочу башка дарылардан эмнеси менен айырмаланат?
Эки активдүү заттардын айкалышуусунан турган Септолете® тотал тамак оорусун жеңилдетүү үчүн үч түрдүү таасирге ээ:
Септолете® тотал пастилкасынын курамында кант барбы?
Жок, Септолете® тоталдын курамында кант жок, ошондуктан ал диабет оорусу бар бейтаптарга да туура келет.
Септолете® тотал спрейинин курамында спирт барбы?
Спирт активдүү заттардын жакшы аралашуусуна жардам берүү үчүн препараттын курамына көмөкчү зат катары киргизилген жана ал препараттын натыйжалуулугун жана коопсуздугун жогорулатат. Эгерде препарат нускамага ылайык колдонулса, колдонулган спирттин өлчөмү аз гана болуп саналат жана препаратты 6 жаштан жогорку балдарга колдонууга болот.
Септолете® тоталды балдарга колдонсо болобу?
Септолете® тотал пастилка жана спрей түрүндө чыгарылат. Эки дарылык форма тең чоңдорго жана 6 жаштан жогорку балдарга туура келет. Кайсы дарылык форманы тандоо балаңыздын эркине жараша болот: пастилка ооздо жай ээрийт, ал эми спрей тез жана жеңил колдонуу үчүн туура келет. Эки дарылык форма тең «үч түрдүү таасирди» камтыйт:
Кош бойлуулук жана бала эмизүү
Кош бойлуу жана бала эмизген аялдар кош бойлуулук же бала эмизүү убагында кайсы дары каражаттарын колдонууга болот деген суроону көп беришет. Бул мезгилде ар бир эле дары каражатын дарыгердин же фармацевттин консультациясынан кийин гана колдонууга боло турганын түшүнүү маанилүү.
Септолете® тоталды канча убакыт колдонуу керек?
Препаратты 7 күндөн ашык колдонууга болбойт. Эгерде симптомдор тереңдеп, оору 3 күндүн ичинде өтүп кетпесе же калтыратма сыяктуу башка симптомдор пайда болсо, анда дарыгерге кайрылуу керек. Ошондой эле абал сакталса же кандайдыр бир жаңы өзгөрүүлөрдү байкаган учурда да дарыгерге кайрылуу зарыл.