ТАМАКТЫН ООРУЛАРЫ - Септолете Тотал – https://www.septolete.kg/pajdaluu-ke%d2%a3eshter/tamaktyn-oorulary/ від болю в горлі Mon, 02 Oct 2023 15:26:30 +0000 kg hourly 1 https://wordpress.org/?v=6.3.1 /wp-content/uploads/cropped-512-32x32.png ТАМАКТЫН ООРУЛАРЫ - Септолете Тотал – https://www.septolete.kg/pajdaluu-ke%d2%a3eshter/tamaktyn-oorulary/ 32 32 Тамак оорусунун жалпы себептери https://www.septolete.kg/pajdaluu-ke%d2%a3eshter/tamaktyn-oorulary/tamak-oorusunun-zhalpy-sebepteri/ https://www.septolete.kg/pajdaluu-ke%d2%a3eshter/tamaktyn-oorulary/tamak-oorusunun-zhalpy-sebepteri/#respond Tue, 13 Jul 2021 13:00:33 +0000 https://www.septolete.kg/uncategorized-kg/poshyreni-prychyny-bolyu-v-gorli/ Сообщение Тамак оорусунун жалпы себептери появились сначала на Септолете Тотал – .

]]>

Макул болуңуз, эч кимдин ооругусу келбейт. Тамактын оорусу күтүүсүздөн пайда болот жана ар түрдүү жагымсыз симптомдор менен коштолот: кычышуудан, жутуунун кыйындашынан баштап, катуу ооруга жана үндүк толук жоголушуна чейин. Келгиле, бул оорунун эң көп таралган себептерин карап көрөлү.

Тамак оору (анг. sore throat) – бул жалпы түшүнүк. Эң көп таралган симптомдор – бул кычышуу, ыңгайсыздык, жутуунун кыйындашы жана тамактын оорушу.

Тамактын оорушу – жогорку дем алуу жолдорунун инфекцияларынын эң көп таралган симптомдорунун бири. Жыл сайын бул инфекциянын үлүшүнө 13 миллиондон ашык дарыгерге баруу туура келет!

Тамактын оорушунун инфекциялык (вирустар, бактериялар, грибоктор) же инфекциялык эмес (мисалы, кургак, чаң аба, чылым чегүү ж.б.) себептери болушу мүмкүн. Бул абал белгилүү бир ыңгайсыздыкты жаратканына карабастан, адатта ал өзүнөн-өзү же аз симптоматикалык дарылоо менен өтүп кете турганын белгилей кетүү керек.

Тамактын жабыркаган бөлүгүнө жараша оору төмөнкүдөй бөлүнөт:

  • Фарингит – кекиртектин былжырлуу кабыгынын сезгениши.
  • Тонзиллит – тамак бездеринин шишүүсү жана кызарышы.
  • Ларингит – кекиртектин шишүүсү жана кызарышы.

Тамак ооруларынын эң көп таралган себептери ушулар.

Курч респиратордук вирустук инфекциялар, сасык тумоо жана башка вирустар)

Вирустар чоңдордогу тамак ооруларынын 90% дан ашык учурларын жана балдардагы тамак ооруларынын 70% га чейинки учурларын пайда кылышат. Вирустук ооруларга төмөнкүлөр кирет:

  • Суук тийүү (суук тийүүнү ар түрдүү вирустар пайда кылат)
  • Сасык тумоо
  • Фарингит
  • Инфекциялык мононуклеоз
  • Кызылча
 Ангина жана башка бактериялык инфекциялар

Бактериялар да тамак ооруларын пайда кылышат. Бактериялык инфекциялардын эң көп таралганы – ангина, А тобундагы β-гемолитический стрептококк бактериялары пайда кылган таңдайдагы тамак бездеринин жана тамактын былжырлуу кабыгынын курч сезгениши. Стрептококк ангинасы балдардын тамак ооруларынын 30-40% га жакын учурларын жана чоңдордун тамак ооруларынын 20% га чейинки учурларын пайда кылат.

Кургак аба

Кургак аба ооздун жана тамактын былжырлуу кабыгынын ашыкча кургап кетишине алып келет. Жылытуу мезгилинде аба өтө кургак болот. Бул тамактын былжырлуу кабыгынын кургашы жана сезгениши сыяктуу жагымсыз сезимдерди пайда кылышы мүмкүн.

Айрым учурларда тамактын оорусу менен жөтөл бир убакта пайда болот.

Түтүн, химиялык заттар жана башка козгогучтар

Айлана-чөйрөгө көптөгөн химиялык жана башка заттар тамакты дүүлүктүрөт, анын ичинде:

  • Тамекинин түтүнү
  • Булганган аба (чоң шаарларда жана өнөр жай зоналарында)
  • Тазалоочу каражаттар жана башка химиялык заттар.
Жарат, жабыркоо

Тамак-аштын бөлүгү кирип кеткен тамактын, жадагалса моюндун ар кандай жараты тамактын дүулүгүүсүн жана оорусун пайда кылат.

Гастроэзофагеалдык рефлюкс оорусу (ГЭРО)

Гастроэзофагеалдык рефлюкс оорусу (ГЭРО) – бул ашказандагы кислота кызыл өңгөчкө – кекиртек менен ашказанды туташтырган ичке түтүккө түшүп калган абал. Кислота зарна, кислота рефлюксу, ошондой эле тамак оору жана үндүн каргылданышы сыяктуу симптомдорду пайда кылып, кызыл өңгөч менен тамакты «күйгүзөт».

Тамактын оору кыйкыргандан, катуу сүйлөгөндөн же узак убакыт бою ырдагандан кийин да пайда болушу мүмкүн. Фитнес-инструкторлор жана машыктыруучулар, катуу сүйлөгөнгө туура келген мугалимдер тамак оорулары боюнча көп даттанышат.

Сообщение Тамак оорусунун жалпы себептери появились сначала на Септолете Тотал – .

]]>
https://www.septolete.kg/pajdaluu-ke%d2%a3eshter/tamaktyn-oorulary/tamak-oorusunun-zhalpy-sebepteri/feed/ 0
Тонзиллиттин (ангинанын) себептери жана белгилери https://www.septolete.kg/pajdaluu-ke%d2%a3eshter/tamaktyn-oorulary/tonzillittin-anginanyn-sebepteri-zhana-belgileri/ https://www.septolete.kg/pajdaluu-ke%d2%a3eshter/tamaktyn-oorulary/tonzillittin-anginanyn-sebepteri-zhana-belgileri/#respond Tue, 13 Jul 2021 12:57:34 +0000 https://www.septolete.kg/uncategorized-kg/prychyny-ta-oznaky-tonzylitu-anginy/ Сообщение Тонзиллиттин (ангинанын) себептери жана белгилери появились сначала на Септолете Тотал – .

]]>

Тонзиллит катуу тамак оорунун жана жутуунун кыйындашынын себеби болушу мүмкүн. Келгиле, ушул тууралуу кененирээк сүйлөшөлү.

Тонзиллит деген эмне?

Тонзиллит – бул тамак бездеринин же гланддын (эки аталышы тең колдонулат) сезгениши, кекиртектин арткы бөлүгүнүн эки тарабында бирден жайгашкан эки сүйрү симметриялуу ткань жаздыкчалары. Тонзила – тамак бездеринин мааниси үчүн колдонулган латын сөзү, ушундан улам оору тонзиллит деп аталып калган.

Тамак бездери лимфа ткандарынын жыйындысы. Алар иммунитетти түзүүгө катышат жана инфекциялар менен күрөшүү үчүн антителаны иштеп чыгат – бул оору жасоочу микроорганизмдердин дем алуудагы алгачкы коргоонуу линиясы. Бирок тамак бездери бактериялардын же вирустардын таасирине кабылышат. Натыйжада алар сезгенишет жана шишишет.

Тонзиллиттин белгилерине жана сипмтомдоруна тамак бездеринин сезгениши, тамактын оорушу, жутуунун кыйындашы, моюндагы лимфа түйүндөрүнүн чоңоюшу жана оорушу кирет.

Тонзиллиттин үч тиби бар:
  • Курч тонзиллит: симптомдору адатта 3-4 күнгө созулат, бирок 2 жумага чейин созулушу мүмкүн.
  • Кайталануучу тонзиллит: тонзиллит жылына бир нече жолу пайда болот.
  • Өнөкөт тонзиллит: кабылган стрептококк инфекциясынын натыйжасында пайда болот, мында тамак бездериндеги сезгенүү процесси сакталат.

Биз негизги симптомдорду сүрөттөдүк. Тонзиллиттин дагы кандай симптомдору пайда болушу мүмкүн?

  • Дене табынын көтөрүлүшү, ысуу жана чыйрыгуу.
  • Тамак бездеринин кызарышы
  • Тамак бездериндеги ак же сары ириңдүү катмарлар.
  • Баш оору
  • Табиттин жоголушу
  • Кулактын оорушу
  • Ооз көңдөйүнөн жагымсыз жыттын чыгышы
  • Моюндун булчуңдарынын катуулашы.
Тонзиллит эмне үчүн пайда болот?

Тонзиллит көбүнчө вирустар аркылуу пайда болгонуна карабастан, бактериялык инфекциялар да анын себеби болушу мүмкүн. Анткени тонзиллитти туура дарылоо анын себебине жараша болот, ооруну өз убагында жана так аныктоо маанилүү.

Тонзиллитти пайда кылган эң көп таралган бактериялар – булар Streptococcus pyogenes (А тобундагы стрептококктор), тамак ооруну пайда кылуучу бактериялар. Бирок стрептококктун башка штаммдары жана башка бактериялар да тонзиллитти чакырышы мүмкүн.

Стрептококк тонзиллити (көбүнчө ангина деп аталат) бир топ олуттуу симптомдорго ээ – тамактын күтүүсүздөн оорушу жана дене табынын көтөрүлүшү. Эгерде ангинаны дарылабаса жана антибиотиктер менен дарылоонун толук курсун албаса, анда ал бир топ олуттуу оорулардын өөрчүшүнө (мисалы, ревматикалык калтыратмага, бөйрөктөрдүн сезгенишине, пост- стрептококк реактивдүү артритке ж.б.) алып келиши мүмкүн.

Тонзиллитти дарылоо үчүн үй шартындагы каражаттар

Келгиле, тонзиллиттин вирустук же бактериялык инфекциялар аркылуу пайда болгонуна карабастан, үй шартында кантип дарылоого боло тургандыгын аныктайбыз.

Эгерде тонзиллиттин себеби вирус болсо, дарыгер антибиотиктерди дайындабайт, ошондуктан ден соолукту калыбына келтирүүгө жана инфекция менен күрөшүүгө жардам бере турган бир нече үй шартындагы каражаттар бар.

  • Көп эс алыңыз жана уктаңыз – бул ооруну үй шартында дарылоодогу биринчи жана эң мыкты каражат.
  • Суюктукту көп ичиңиз – организмдин суу балансын колдооого алуу абдан маанилүү.
  • Тамактын дүүлүгүүсүн пайда кылган тамак-аштардан жана суусундуктардан алыс болуңуз. Шорпо, чай же жылуу суу сыяктуу суусундуктар тамактын оорусун тынчтандырат.
  • Эгерде бөлмөдөгү аба кургак болсо, тамак андан да көп жабыркайт, ошондуктан бөлмөдөгү нымдуулук жетиштүү болушу үчүн аба нымдагычтарды колдоонуу керек.
  • Козгогучтардан алыс болуңуз. Үйдүн ичинде чылым чекпеңиз жана тамактын дүүлүгүшүн күчөтө турган химиялык тазалоочу каражаттарды колдонбоңуз.
  • Симптомдорду (оору, дүүлүгүү жана сезгенүү) жеңилдетүү үчүн пастилка же спрей түрүндөгү рецептсиз дарыларды колдонуңуз. Септолете® Тотал сизде кандай жардам бере турганы тууралуу бул жерден окуңуз.

Жогоруда көрсөтүлгөн бардык каражаттар бактериялык инфекцияда да жардам берет, бирок булардан сырткары дарыгер дайындаган антибиотиктердин курсун абалыңыз жакшырса да, аягына чейин толук колдонушуңуз керек.

Айрым учурларда өнөкөт тонзиллитте хирургиялык кийлигишүү талап кылынат. Тамак бездери өнөкөт оорулардын очогу болуп калат, бул иммунитеттин төмөндөшүнө жана респиратордук оорулар менен бат-баттан оорууга алып келет. Операциялык кийлигишүүнүн зарылдыгын дарыгер аныктайт.

Сообщение Тонзиллиттин (ангинанын) себептери жана белгилери появились сначала на Септолете Тотал – .

]]>
https://www.septolete.kg/pajdaluu-ke%d2%a3eshter/tamaktyn-oorulary/tonzillittin-anginanyn-sebepteri-zhana-belgileri/feed/ 0
Фарингит https://www.septolete.kg/pajdaluu-ke%d2%a3eshter/tamaktyn-oorulary/faringit/ https://www.septolete.kg/pajdaluu-ke%d2%a3eshter/tamaktyn-oorulary/faringit/#respond Tue, 13 Jul 2021 12:57:26 +0000 https://www.septolete.kg/uncategorized-kg/faryngit/ Сообщение Фарингит появились сначала на Септолете Тотал – .

]]>
Фарингит деген эмне жана анын өзгөчөлүктөрү кайсылар?

Фарингит – бул кекиртекте өөрчүгөн сезгенүү процесси жана алгач тамактын былжырлуу кабыгына таасирин тийгизет, ошондой эле терең ткандарга, анын ичинде жумшак таңдайга жана лимфа түйүндөргө жайылышы мүмкүн.

Тамак оорунун эң көп таралган себептери – вирустар же бактериялар

Вирустар 90% дан көп учурларда тамак ооруну пайда кылышат. Бул инфекциялар башка өзгөчөлөнгөн симптомдорду да пайда кылганына карабастан, сасык тумоо, жөнөкөй герпес же инфекциялык мононуклеоз менен адамдар тамак ооруга көп кабылышат.

Жайы жылуу жана кышы салкын региондордо вирустар менен пайда болгон фарингит оорусунун эң жогорку чеги кыш жана эрте жаз мезгилдерине туура келет. Дал ушул убакта адамдар көпчүлүк убакытын жылуулуктун айынан абасы кургаган имараттардын ичинде өткөрүшөт. Мындай абал вирустардын жайылышы үчүн жагымдуу чөйрө болуп саналат.

Вирустар аба-тамчы жолу аркылуу жайылышат – оорулуу адам чүчкүргөндө же жөтөлгөндө абага инфекциялык агенттерди камтыган тамчылар түшөт. Мындан сырткары, түз байланышуу аркылуу, мисалы, оорулуу адам менен кол алышканда да жугат, бул оорунун жугушуна алып келет. Мезгилдүү инфекциялардын алдын алуунун эң жөнөкөй, бирок иштей турган жолу – бул гигиена эрежелерин сактоо.

Дени сак адамдардын көпчүлүгүндө вирустук фарингит белгилүү ыңгайсыздыктарды жарата турганына карабастан, эч кандай кабылдоолорду пайда кылбастан, ылдам жана өзүнөн-өзү өтүп кетет.

Бактериялар, баарынан мурун А тобундагы бета-гемолитикалык стрептококктор да фарингиттин козгогучтары болушу мүмкүн. Бул учурда биз атап көнүп калгандай, тонзиллит же ангина тууралуу сөз болот. Вирустук фарингит сыяктуу эле ангина да жамааттын ичинде өзгөчө кыштын аягында жана эрте жазда тез жана жеңил жайылат.

Вирустук жана бактериялык фарингиттен сырткары, грибок инфекциялары да тамактын оорушун пайда кылышы мүмкүн. Бул учурларда жутуу кыйындайт жана ооздо ак тактар пайда болот. Мындай инфекция оозул деп аталат жана негизинен ымыркайларды жана иммундук системасы төмөн адамдарды жабыркатат.

Тамак ооруларынын башка себептери да бар:

  • кислота рефлюксу (ашказандын маңызы зарна жана тамак ооруну жаратуу менен кызыл өңгөчкө түшкөндө)
  • постназалдык агуу (мурун көңдөйүндөгү былжырдын кекиртектин арт жагы аркылуу агып чыгышы)
  • ооз аркылуу кургак абаны дем алуу ж.б.
Фарингиттин симптомдору
  • Тамактын оорушу
  • Тамактын кургашы жана дүүлүгүшү.
  • Жутуудагы оору.
  • Сүйлөөдөгү оору
  • Себептерине жараша башка симптомдору да болушу мүмкүн. Аларга чарчагандык, алсыздык, муун оорулары, баш оору жана калтыратма кирет, мисалы, оорунун негизги себеби сасык тумоо болуп саналат.
Фарингитти кантип дарылоо керек?

Дарылоо ар дайым оорунун себептерине жараша жүргүзүлөт. Тамак оорунун эң көп таралган себеи вирустар болуп саналат, ошондуктан антибиотиктерди колдонуу натыйжалуу эмес. Абалды жеңилдетүү үчүн жергиликтүү антисептикалык жана ооруну басаңдатуучу препараттарды колдонуу керек. Оорулуунун абалын жеңилдетүү үчүн оорунун симптомдорун да дарылоо маанилүү. Ошондой эле ыкчам айыгуу үчүн жөнөкөй эрежелерди да сактоо керек:

  • Жетиштүү эс алуу.
  • Суусуздануунун алдын алуу үчүн сууну көп ичүү
  • Тамакты жумшартуу жана жагымсыз симптомдорду азайтуу үчүн жылуу суюктуктарды (чай же шорпо) ичүү же желатин кошулган десерттер менен тамактануу.
  • Бөлмөдөгү нымдуулукту көбөйтүү үчүн аба нымдагычтарды колдонуу, т.а., кургак аба оорунун симптомдорун күчөтүшү мүмкүн.
  • Жергиликтүү антисептикалык жана ооруну басаңдатуучу таблеткаларды же тамак спрейлерин колдонуу.

Бул чаралар тамактын оорушун жана ар бир инфекциядагы ыңгайсыздыкты азайтууга жардам берет. Эгерде оору бактериялык инфекция менен пайда болсо, дарыгер антибиотик дайындайт. Абал жакшырып калганына карабастан, антибиотиктин толук курсун алууну улантуу маанилүү болуп саналат.

Фарингиттин алдын алуу чаралары

Бардык инфекцияларды алдын алууга болбогону менен алардын жайылышын жайлатууга болот. Жөнөкөй кеңештер:

  • Колду самын менен тез-тезден жууп туруу
  • Имараттарды туруктуу желдетүү
  • Жөтөлгөн же чүчкүргөн адамдардан алыс болуу
  • Кагаз салфеткаларды колдонуу жана колдонуп бүткөндөн кийин аны дароо ыргытуу.
  • Туура тамактануунун жана физикалык көнүгүүлөрдүн жардамында иммундук системаны чыңдоо
  • Көп сандагы адамдар бар жабык коомдук жайларга барбоо
  • Мурунду же көздү кол менен кармабоо.
  • Мурун менен дем алуу (мурундун былжырлуу кабыгы вирустар жана чаңдар үчүн фильтр болуп саналат).

Сообщение Фарингит появились сначала на Септолете Тотал – .

]]>
https://www.septolete.kg/pajdaluu-ke%d2%a3eshter/tamaktyn-oorulary/faringit/feed/ 0
Ларингит https://www.septolete.kg/pajdaluu-ke%d2%a3eshter/tamaktyn-oorulary/laringit/ https://www.septolete.kg/pajdaluu-ke%d2%a3eshter/tamaktyn-oorulary/laringit/#respond Tue, 13 Jul 2021 12:56:52 +0000 https://www.septolete.kg/uncategorized-kg/laryngit/ Сообщение Ларингит появились сначала на Септолете Тотал – .

]]>

Тамак ооруларынын ичинде ларингит өзгөчө орунду ээлейт. Ал концерттерге дайыма барган адамдарга, караоке сүйүүчүлөрүнө, спорт фанаттарына, мугалимдерге, алып баруучуларга жана көп сүйлөөгө туура келген бардык адамдарга жакшы белгилүү.

Ларингит деген эмне?

Ларингит – үн байламталарынын инфекциясы, кычышуу же ашыкча чыңалуу менен пайда болгон кекиртектин жана үн байламталарынын былжырлуу кабыгынын сезгениши.

Үн байламталары кекиртекте жайгашкан. Алар кекиртектин эки капталындагы бириктирүүчү ткандардан жана булчуңдардан турган эки бүктөмдөн турат. Эркин дем алуу убагында үн байламталары бош болот да, абанын эркин өтүшүнө тоскоолдук жаралбайт. Сүйлөө процессинде үн байламталары өз кыймылдары жана дирилдөөлөрү менен үндү жаратып, жай салмактуулук менен ачылат жана жабылат.

Ларингитте үн байламталары сезгенет жана шишийт, бул алар аркылуу өтүүчү үндүн бузулушуна алып келет. Үн каргылданып калат же такыр жоголот.

Симптомдору

Ларингиттин эң көп кездешкен симптомдору:

  • Кургак жөтөл.
  • Үндүн начарлашы.
  • Үндүн жоголушу.
  • Тамактын кургашы.
  • Тамактын дайыма кычышуусу же дүүлүгүшү.

Бул симптомдор адатта жеңил симптомдор, үн байламталарын эс алдыруу менен аларды айыктырууга болот. Тамакты нымдаштыруу үчүн жылуу суюктук (суу же кофеинсиз башка суюктуктар) ичүү сунушталат.

Эгерде дарыгерге барууну чечсеңиз, дарыгер текшерүүдө эмнени байкашы мүмкүн?

Ларингит үн байламталарын жана кекиртекти жабыркатат. Дарыгер үн байламталарын текшерүү үчүн атайын күзгүнү колдонуп, визуалдык аныктоо жүргүзө баштайт. Кылдат изилдөө үчүн ларингоскопия жасалышы мүмкүн.

Дарыгерге качан кайрылуу керек?

Адатта үн байламталарын эс алдырып, жетиштүү өлчөмдө суюктук ичүү менен курч ларингитти өз алдынча айыктырууга болот. Бирок симптомдор 3 күндөн ашык убакыт сакталса, анда дарыгерге кайрылуу керек.

Эгерде сизде төмөнкү симптомдор жаралса, дароо медициналык жардам үчүн кайрылыңыз:

  • дем алуу көйгөйлөрү
  • кан аралаш жөтөл
  • жогорку дене табы (сакталса жана төмөндөбөй жатса)
  • күчөгөн оору (бир нече жума бою).

Ошондой эле балада төмөнкү учурлар байкалса да, дарыгерге көрсөтүү керек:

  • Дем алуусу катуу, чыйылдаган үн менен коштолсо.
  • Шилекей көп акса.
  • Жутуу көйгөйлөрү бар болсо.
  • Дем алуусу кыйындаса.
  • Төмөндөбөгөн жогорку дене табы бар болсо.
Оорунун өтүшү

Ларингит курч (кыска мөөнөттүү) же өнөкөт (узак мөөнөттүү) болушу мүмкүн. Көпчүлүк учурларда ларингит вирустук инфекциялар менен пайда болот. Үндүн дайыма каргылданышы кээде олуттуу оорунун бар экендигин көрсөтүшү мүмкүн.

Курч ларингит

Курч ларингит – бул үн байламталарын ашыкча иштетүү менен пайда болгон убактылуу абал. Ал да жогорку дем алуу жолдорунун инфекциялары же ашыкча үшүп калуу менен пайда болушу мүмкүн. 

Курч ларингиттин эң көп кездешкен себептери:

  • Вирустук инфекциялар
  • Сүйлөөдө же кыйкырууда үн байламталарынын чыңалышы
  • Бактериялык инфекциялар.
Өнөкөт ларингит

Өнөкөт ларингит козгогучтардын узакка созулган таасиринин натыйжасында пайда болот. Адатта ал бир топ оор өтөт жана курч ларингитке караганда узакка созулган кесепеттерге ээ.

Өнөкөт ларингит пайда болушу мүмкүн:

  • Зыяндуу химикаттардын же аллергендердин тез таасири менен.
  • Кислота рефлюксу менен (адатта ашказандагы кислота кызыл өңгөчкө түшкөн абал).
  • Мурун көңдөйүнүн тез инфекциялары менен.
  • Чылым чегүү же чылым чегүүчү адамдардын жанында жүрүү менен
  • Үн байламталарынын ашыкча чыңалуусу менен (мугалимдер, ораторлор тобокел зонасында)
  • Астма үчүн колдонулган ингаляторлорду көп колдонуу менен пайда болгон грибок инфекциялары менен.

Үн байламталарынын формасынын жаш курактык өзгөрүүлөрү, онкологиялык процесстер жана үн байламталарынын шал оорусу да үндүн тынымсыз каргылданышын жана тамактын оорушун пайда кылышы мүмкүн.

Ларингитти кантип дарылоо керек?
  • Болушунча аз сүйлөгөнгө аракет кылыңыз.
  • Суюктукту көп ичиңиз.
  • Бөлмөдөгү нымдуулукка көңүл буруңуз, анткени борбордук жылуулук жана кондиционер абаны ашыкча кургатып салат.
  • Ооруну жана дүүлүгүү симптомдорун, тамактын кургашын жана ачышканын  жеңилдетүү үчүн Септолете® Тотал сыяктуу рецептсиз продукцияларды колдонууга болот.
Эмнелерди кылбоо керек:
  • Катуу сүйлөбөңүз жана шыбырабаңыз, анткени шыбыроо да үн байламталарынын чыңалышына алып келет; унчукпай коюу же тең салмактуу токтоо үн менен сүйлөгөн жакшы.
  • Чылым чекпеңиз.
  • Түтүн же чаң баскан жайларга кирбеңиз.
  • Кофени өтө көп ичпеңиз жана ичимдик ичпеңиз.

Сообщение Ларингит появились сначала на Септолете Тотал – .

]]>
https://www.septolete.kg/pajdaluu-ke%d2%a3eshter/tamaktyn-oorulary/laringit/feed/ 0