РУС КГ
Сенин тамагың – сенин күчүң

Сенин тамагың – сенин күчүң

Сенин саламат тамагың үчүн пайдалуу кеңештер:

 

Көчөдө суук болгондо, мурун аркылуу дем алыңыз.

Муздак аба ырайында мурун менен дем алган жакшы, анткени бул аба өпкөгө жеткенге чейин, аны чыпкалоого, жылытууга жана нымдоого шарт түзөт.
Мурун аркылуу дем алуу Сиздин тамагыңыздын нымдуулугун кармап турат, ал эми ооз аркылуу дем алуу – аны кургатат.
Силер билесиңерби?
Орточо алганда бир чоң адам күн сайын 20 000 литрге чейин абаны дем алат; тамагыңызга кам көрүңүз жана мурун аркылуу дем алыңыз.

 

Жылуу суусундуктарды ичиңиз, өтө ысык жана муздак суусундуктардан алыс болуңуз.

Ысык жана муздак суюктуктар былжыр челдин дүүлүгүүсүн пайда кылып жана сезгенүүнү пайда кылышы мүмкүн.
Былжыр челдин коргоочу функциялары начарлайт, вирустук, бактериялык жана мите козу карын инфекцияларынын мүмкүндүгү жогорулайт.

 

Тамакта кургактык сезимине жол бербеңиз. Көп суюктук – эң жакшысы таза суу ичиңиз.

Тамакты чайкоо үчүн курамында алкоголь бар нерсени пайдаланбаңыз – бул дүүлүгүүнү пайда кылышы мүмкүн.
Силер билесиңерби?
Организмдин нормалдуу иштөөсү үчүн – адам күн сайын орточо 2-3 литр таза суу ичиши керек.

 

Сергек жашоо образы Сиздин иммунитетти бекемдейт: көбүрөөк жемиштерди жана жашылчаларды жеңиз, сергек жашоо образын карманыңыз.

Саламат иммундук система вирустук жана бактериялык инфекциялардын мүмкүндүгүн төмөндөтүүнү шарттайт.
Силер билесиңерби?
Позитивдүү маанай Сиздин организмдин ооруга каршы туруусуна жардам берет.

 

Инфекция жоголсун!

Сасык тумоо жана грипп сезонунда социалдык аралыкты сактаңыз. Эгер Сиздин айланаңызда кимдир бирөө жөтөлүп жатса – алыс туруңуз. Эгер Сиз жөтөлүп жатсаңыз, этикетти сактаңыз: микробдордун жайылуусунун алдын алуу үчүн, оозду чыканактын ички тарабы менен жабыңыз.
Силер билесиңерби?
Чүчкүрүү убагында оору жуккан тамчылар 3 метрге чейин учуп, 150 км/саат ылдамдыгы менен жайылышы мүмкүн.

 

Тынч жана жай темпте сүйлөңүз.

Сиз катуу үн менен сүйлөгөндө, айланадагылар Сизди жакшы көңүл бурбай угушат, ал эми Сиз өтө көп сүйлөсөңүз – бул Сиздин тамактын былжыр челинин дүүлүгүүсүн чагымдашы мүмкүн жана аны инфекцияларга кабылдагыч кылат.
Силер билесиңерби?
Аялдар күнүнө болжол менен 20 000 сөз сүйлөйт, бул орточо статистикалык эркек айткан сөздөн 13,000 сөзгө көп.