РУС КГ
Сенин тамагың – сенин күчүң

Фарингитти кантип дарылоо керек

Жогорку дем алуу жолдорунун ооруларында дарыгер гана диагнозду коюп, ошондой эле медикаментоздук дарылоо методдорун дайындашы керек.

Вирустар, бактериялар же мите козу карындар пайда кылган курч фарингитти ар кандай микроорганизмдерге карата кеңири спектрдагы таасирге ээ болгон жергиликтүү антисептиктердин жардамы менен дарылоого болот.

Өнөкөт фарингитти дарылоо үчүн дарыгер сизге антибиотиктер курсун дайындашы мүмкүн.

Септолете тотал дарысын колдонуу үчүн көрсөтмөлөрдүн бири фарингит болуп саналат. Септолете Тотал курамына кирген цетилпиридиний хлориди антисептиги патогендик микроорганизмдерге: вируска каршы, бактерияга каршы жана мите козу карындарга каршы комплекстүү таасир тийгизет.

Тамак ооруда Септолете Тотал сезгенүүнүн себебин жок кылат, ооруну, кычышууну жана кыркырактыкты азайтат, инфекциянын андан ары жайылышынын алдын алат.

Антисептиктер менен дарылоо оорунун баштапкы баскычтарында тамактагы ооруну дарылоо үчүн маанилүү, муну менен олуттуу инфекциялардын өнүгүшүнүн алдын алууга болот.

Krka, d. d.

Бардык укуктар корголгон. Krka, tovarna zdravil, d. d., Novo mesto