РУС КГ
Сенин тамагың – сенин күчүң

Тонзиллит

Тонзиллит, көп учурда ангина деп аталган, алкым бездеринин сезгенүүсү болуп саналат. Тонзиллитти көбүнчө вирустук же бактериялык инфекциялар пайда кылат. Мите козу карын инфекциясы антибиотиктер менен дарылоонун кесепети болушу мүмкүн.

Тонзиллиттин түрлөрү

Курч жана өнөкөт тонзиллит деп бөлүшөт.

Курч тонзиллит тамактагы күтүүсүз өрчүгөн оору менен мүнөздөлөт, ал негизинен жогорку дене табы менен коштолот. Тонзиллитте алкым бездеринин бети ачык-кызыл же бозомтук-ак кебээр менен капталышы мүмкүн. Моюн жакта лимфа түйүндөрү чоңоюп кетиши мүмкүн.

Өнөкөт тонзиллит – алкым бездеринин мезгил-мезгили менен кайталанган сезгенүүсү. Бул чоңдордо дагы, балдарда дагы кеңири жайылган оору. Кайталанган инфекциялар алкым бездеринин бырыштарында көп сандагы микробдордун топтолушуна алып келиши мүмкүн.

Krka, d. d.

Бардык укуктар корголгон. Krka, tovarna zdravil, d. d., Novo mesto