Дарыны медицинада колдонуу боюнча кыскача нускама Септолете тотал
Соодадагы аталышы:
Септолете тотал
Эл аралык патенттелбеген же топтук аталышы:
бензидамин + цетилпиридиний хлориди
Дары түрү: соруу үчүн таблеткалар
Курамы:
1 сормо таблетканын курамында:
Таасир берүүчү заттар:
Бензидамин гидрохлориди 3,000 мг
Цетилпиридиний хлорид моногидраты 1,050 мг, 1,000 мг цетилпиридиний хлоридге эквиваленттүү.
Көмөкчү заттар: эвкалипт майы 1,200 мг,
левоментол, сукралоза (Е955) 3,500 мг, суусуз лимон кычкылдыгы (Е330),
изомальт (тип М) (Е953), бриллиант көк боек (Е133) FCF.
Фармакологиялык касиеттери
Фармакодинамикасы:
Бензидамин – сезгенүүгө каршы, ооруну басуучу жана жергиликтүү анестезиялык таасирге ээ болгон, стероиддүү эмес сезгенүүгө каршы каражат. Цетилпиридиний хлориди – микробго каршы, мите козу карынга каршы, вирулициддик (вируска каршы) таасир тийгизүүчү, төртүнчүлүк аммоний кошундуларынын тобундагы антисептик.
Колдонууга көрсөтмөлөр:
Ооз көңдөйүнүн жана ЛОР-органдарынын сезгенүү ооруларынын оору синдромун симптоматикалык дарылоо (ар кандай этиологиядагы).
Каршы көрсөтмөлөр
Таасир берүүчү заттарга карата, же дарынын каалаган көмөкчү компоненттерине карата жогорку сезгичтик.
Септолете тотал таблеткалары үчүн каршы көрсөтмөлөр 18 жашка чейинки бала курак.
Септолете тотал спрейи үчүн каршы көрсөтмөлөр 6 жашка чейинки бала курак.
Колдонуу жолу жана дозалар:
Таблеткаларды ар бир 3-6 саат сайын ооздо жай соруу керек. Чоңдор, улгайган курактагы бейтаптар: сунушталган доза суткасына 3-4 таблетканы түзөт.
Дозаны өзгөртүү талап кылынбайт. Сунушталган дозаны ашырууга болбойт. Өткөрүп жиберген дозаны компенсациялоо максатында дарынын эки дозасын колдонбоңуз.
Септолете тотал дарысын 7 күндөн ашык колдонууга болбойт.
Чыгаруу шарттары:
Рецептсиз чыгарылат