Септолете Тотал чоңдор жана 6 жаштан улуу балдар үчүн пастилкалар жана спрей түрүндө жеткиликтүү. Дары инфекциянын себебин жок кылып жана ооруну жана сезгенүүнү жеңилдеткендиктен, ал тамактагы дүүлүгүүнүн баштапкы баскычтарында, ошондой эле тамак ооруда же шишигенде жарайт.
Септолете Тотал дарысын өлчөмдөө режими чоңдор жана 6 жаштан улуу балдар үчүн колдонууга ыңгайлуу.
Өлчөмү | Чоңдор жана 12 жаштан улуу балдар | 6-12 жаш курактагы балдар |
---|---|---|
Септолете Тотал пастилкалары | ар бир 3-6 саат сайын 1 пастилка (суткасына 3-4 пастилкадан көп эмес) | ар бир 3-6 саат сайын 1 пастилка (суткасына 3 пастилкадан көп эмес) |
Септолете Тотал спрейи | ар бир 2 саатта 1-2 чачыратуу (суткасына 3-5 жолудан көп эмес) | ар бир 2 саатта 1 чачыртуу (суткасына 3-5 жолудан көп эмес) |
Эскертүү
Эгерде сиз пастилкаларды түздөн-түз тамактанууга чейин же тамактануу убагында жана сүт менен бирге колдонсоңуз, алар азыраак натыйжалуу болот. Эгерде сиз пастилкаларды ооздо ээритип жана тиш менен чайнабасаңыз, алар кыйла натыйжалуу болот.
Колдонуу боюнча нускама (Септолете Тотал пастилкалары)
Колдонуу боюнча нускама (Септолете Тотал лимон жана бузина пастилкалары)
Колдонуу боюнча нускама (Септолете Тотал спрейи)