РУС КГ
Сенин тамагың – сенин күчүң

Фарингит

Фарингит, тиричиликте «тамак оору» деп аталат, көпчүлүк адамдар жылына жок дегенде бир жолу ооруган, кеңири жайылган инфекция болуп саналат. Фарингит – бул кулкундун былжыр челинин сезгенүүсү.

Себептери

Тамакта оорунун пайда болушунун бардык себептерин инфекциялык жана инфекциялык эмес деп бөлүүгө болот.

Фарингиттин инфекциялык себептерине киргизүүгө болот.

Вирустар

Чоңдордо тамак оорунун 50-95%ын жана балдарда 70%ын респиратордук вирустар пайда кылат: бул аденовирустар, грипп вирустары жана бала кездеги герпес вирустары.

Бактериялар

Вирустук бузулуу фонунда, эреже болгондой, бактериялык инфекциялар кошулат. Мите козу карындар

Тамакта мите козу карын флорасы өнүгүшү мүмкүн.

Инфекциялык эмес себептерге киргизүүгө болот:

Былжыр челдин механикалык, химиялык же термикалык дүүлүгүүсү:

  • өтө музак же өтө ысык аба;
  • булганган аба;
  • муздак тамак жана суусундуктар;
  • чылым чегүү;
  • гастроэзофагеалдык рефлюкс;
  • кургак же өтө нымдуу аба.

Көңүл буруңуз:

  • муздак абаны ооз аркылуу дем алуу;
  • ысыган абалда муздак суусундукту ичүү;
  • температуранын өйдө-ылдый болушу (муздак жана жылуу аба).

Мунун баары инфекциянын өнүгүү мүмкүндүгүн жогорулатат.

Фарингиттин түрлөрү

Курч жана өнөкөт фарингит деп бөлүшөт. Курч фарингит негизинен ачык байкалган симптомдор менен пайда болот: жутуудагы катуу оору, кыркырактык, былжыр бөлүп чыгаруу, тамактагы кескин оору.

Өнөкөт фарингитте оору симптомдору көп байкалбайт. Бул тамактын кургашы же кычышуусу болушу мүмкүн, көп учурда кургак кыйнаган жөтөл байкалат. Өнөкөт фарингиттин симптомдору курчуганда курч фарингиттин симптомдорун эске салат.

Krka, d. d.

Бардык укуктар корголгон. Krka, tovarna zdravil, d. d., Novo mesto