РУС КГ
Сенин тамагың – сенин күчүң

Ларингит

Ларингит – бул кулкундун былжыр челинин сезгенүүсү. Эгер сиз кургак жөтөл жана кыркырактык менен катар тамакта кычышууну, ачышууну, кургактыкты жана ооруну сезсеңиз, анда сизде ларингит болушу мүмкүн.

Себептери

Ларингитти негизинен вирустук инфекция пайда кылат, бирок кээде мисалы, эгер сиз көп жана катуу сүйлөсөңүз, үн байламталарынын ашыкча чыңалуусунун жыйынтыгында пайда болушу мүмкүн.

Ларингиттин түрлөрү

Ларингитти 2 түргө бөлүүгө болот: курч жана өнөкөт. Ларингиттин курч формасы негизинен бир нече күнгө созулат. Өнөкөт ларингит 3 жумага чейин созулушу мүмкүн.

Krka, d. d.

Бардык укуктар корголгон. Krka, tovarna zdravil, d. d., Novo mesto