РУС КГ
Сенин тамагың – сенин күчүң

КРВИ сезонунун маалында эмнелерди билүү маанилүү?

Вирустук инфекциялар өөрчүп турган мезгилде арабыздан көптөрүбүз, вирус тамактагы ооруксунуунун себеби боло ала тургандыгынан көп корко баштадык, жана эгерде тамактын оорушу инфекциядан улам пайда болсо, анда эмне кылуу керек?

Чындыгында эле, тамактын оорушу көп учурда инфекциялык себеп менен болот. Жана ага, ар түрдүү баа берүүлөр боюнча 50дөн 90%га чейинки учурларда вирустар менен пайда болушу мγмкγн (1). Бул статистика КРВИ сезону үчүн гана актуалдуу эмес. Бактериялар жана козу карындар ошондой эле жугуштуу оорулардын козгогучу болушу ыктымал.

Мындай учурда дарылоону кантип тандоо керек, жана эмнеге көңүл буруу зарыл?

Тамактагы ооруксунуунун жугуштуу себеби менен күрөшүү үчүн, дарынын курамында антисептик болушу керек. Ал кандай таасир кыла тургандыгынын сүрөттөмөсүн колдонуу боюнча нускамадан табууга болот.

Цетилпиридиний хлориддин антисептикалык таасири ондогон жылдар бою изилденген. Ал вирулициддик таасирге ээ экендиги жана чел кабыкчасы бар вирустарга карата натыйжалуураак келе турганы белгилүү. Цетилпиридиний хлорид вирустун чел кабыкчасынын бузулушуна келтирет, жана ушунун өзү анын түзүлүшүнүн жок кылат (2). Ал ошондой эле бактериалдык жана козу карындар козгогучтарына каршы активдүү болот.

Эгерде сиздин тамагыңыздын оорушунун себеби – жугуштуу оору козгогучу болсо, курамындагы антисептик пайдалуу болот.

Дарыны тандап жатып, анын колдонуу боюнча нускамасын кунт коюп жана толук окуп чыгуу маанилүү экендигине көңүл буруңуз.

  1. Addey D. Incidence, causes, severity and treatment of throat discomfort: a four-region online questionnaire survey. BMC Ear Nose Throat Disord 2012.
  2. Popkin DL, Zilka S, Dimaano M, et al. Cetylpyridinium Chloride (CPC) Exhibits Potent, Rapid Activity Against Influenza Viruses in vitro and in vivo. Pathog Immun. 2017;2(2): 252–269