РУС КГ
Сенин тамагың – сенин күчүң

Тамак ооруну кантип басууга болот

Сасык тумоо же вирус?

Тамактагы ыңгайсыздык жана оору сезимдери көпчүлүк учурларда – дүүлүгүүнүн же сезгенүүнүн кесепети, анын себеби вирустук оорулар, бактериялардын же патогендик мите козу карындардын таасири болушу мүмкүн. Катуу оору көбүнчө тамактагы сезгенүү процесстерин коштойт, ал эми кыркырактык тамак сезгенгенде пайда болот. Сасык тумоону анын биринчи белгилери пайда болгондо дароо дарылап баштоо керек, - болбосо оору жайылып, андан кийин оорлошуулар түрүндөгү кесепеттерин узак дарылоого туура келет. Мындай перспектива таптакыр кубантпай турганы анык.

Эреже болгондой, өз убагында дарылоодо жана төшөккө жатуу режимин сактоодо – сөзсүз жылуу чөп чайларды, бал, имбирь жана лимон менен маңызды көп ичүүдө – тамактагы көйгөй бир нече күн ичинде өтүп кетет. Бирок эгер тамак көпкө ооруса, - анда, бул фарингит же мононуклеоз тууралуу кабар берет.

Тамак оорунун мүнөздүү өзгөчөлүктөрү ыңгайсыздыктын себебин “айтышы” мүмкүн. Вирустарда кекиртек жактагы курч ачышуу, ооздун кургашы байкалат. Жутууда оору сезимдери күчөйт, башты дагы оорутат. Ангинада (тонзиллитте) дагы жуттууда оору пайда болот, кошумча симптомдору дагы бар: тамактын кычышуусу, алкым бездеринин сезгенүүсү, кекиректе “тоголоктун" пайда болгонун сезүү, ал сууну жана тамакты жутууга тоскоолдук кылат. Бирок, бул жерде берилген маалыматтар салыштырмалуу экенин эстен чыгарбоо керек. Так диагнозду дарыгер гана кое алат.

Тамак үчүн “тез жардам”

Тамак оорудан кантип тез арылууга болот? Бүгүнкү күндө дээрлик бардык шарттарда пайдаланууга боло турган төмөндөгү каражаттар абдан популярдуу.

1. Чайкоо.
Кадимки сасык тумоодо тамактагы оору сезимдерин азайтуу үчүн терапевттер чайкоону кеңеш кылышат: 200 мл жылуу (ысык эмес!) сууга 1 чай кашык туз эритилет жана бул суу менен тамакты – башты жогору чалкалатып, “О” тыбышын айтуу менен чайкоо керек. Процедураны бир нече күн аралыгында ар бир 1-1,5 саат сайын аткаруу зарыл. Чайкоо үчүн суюктук катары ромашканын же эвкалипттин маңызы дагы жарайт – бул чөптөр антисептикалык таасирге ээ болот. Ошондой эле дарыканаларда чайкоо үчүн даяр курамдар сатылат. Процедура жакшы топтоо натыйжасына ээ болот, убакыттын өтүшү менен жуттууда тамактагы ооруну азайтат жана жоготот.
Кемчилиги: белгилүү шарттар жана убакыт керек.

2. Спрейлер
Дары каражаты көз ирмемде сезгенген тамакка чачылат. Спрейди чачкандан кийин “иштөөчү” затты шилекей менен жууп салбоо үчүн, 30 мүнөт ичинде тамак жана суусундук ичүүдөн сөзсүз кармануу талап кылынат.

3. Соруу үчүн таблеткалар жана пастилкалар.
Бул каражаттар жутуудагы ыңгайсыздык сезимдерин жоготууга натыйжалуу жардам берет, тамактагы оорудан тез арылуу мүмкүнчүлүгүн берет.
Мисалы, Септолете тотал. Бул соруу үчүн таблеткалар формасындагы каражат дарылоого карата комплекстүү мамилени камсыздайт.
Курамына кирген бензидамин ооруну жоготот жана сезгенүүнүн себебин жок кылат, ал эми цетилпиридиний хлориди вирустарды, бактерияларды жана мите козу карындарды жок кылат – башкача айтканда, инфекциянын түздөн-түз себебин жок кылат.
Таблеткаларды пайдалануу оңой: аларды толук эригенге чейин ооздо жай соруу керек. Септолете тотал кыска мөөнөттө жутуудагы ооруну жеңилдетүүгө жардам берет, дарыны 12 жаштан улуу балдарга колдонууга болот, тамактагы жеңил, ошондой эле олуттуу оору менен күрөшө алат.

Ден соолукта болуңуз!