РУС КГ
Сенин тамагың – сенин күчүң

Часто задаваемые вопросы

Септолете тотал" эки активдүү ингредиенттин уникалдуу айкалышы менен:

  • тамактагы ооруну жана сезгенүүнү жеңилдетет;
  • инфекциянын себебин (вирустарды, бактерияларды, мите козу карындарды) жок кылат.
    1. Оорунун себебин жок кылуу
     
    • Антисептиктер
    • Жергиликтүү антибиотиктер
    • Лизоцим
    • Өсүмдүк дарылары (антисептикалык таасири менен)
    1. Ооруну жок кылуу
     
    • Жергиликтүү анестетиктер
    1. Оорунун себебин жок кылуу
    2. Ооруну жок кылуу
     
    • Жергиликтүү анестетиктер
    • +
    • Антисептиктер
    • Жергиликтүү антибиотиктер
    • Лизоцим
    • Өсүмдүктөр (антисептикалык таасири менен)
    1. Ооруну жок кылуу
    2. Сезгенүүнү жок кылуу
     
    • Стероиддүү эмес сезгенүүгө каршы каражаттар (ССКК)
    1. Ооруну жок кылуу
    2. Сезгенүүнү жок кылуу
    3. Оорунун себебин жок кылуу
     
    • ССКК
    • +
    • Антисептик
    Септолете тотал

    Тамак ооруну комплекстүү дарылоо

Жок, Септолете тотал таблеткаларынын курамында кант жок.

Спирт спрейдин курамына көмөкчү зат катары кирет. Эгер нускамага ылайык колдонулса, анда дарынын күндүзгү дозасында спирттин курамы 26 мг/дозаны түзөт.

Септолете тотал” таблеткалар жана спрей түрүндө чыгарылат. Таблеткаларды чоңдор (18 жаштан улуу) колдоно алышат, аларды толук эригенге чейин ооздо жай соруу керек.

Спрейди 6 жаштан улуу балдарга жана 18 жаштан улуу чоңдорго колдонууга болот.

Эки форма тең сезгенүүгө каршы, ооруну басуучу жана антисептикалык таасирге ээ болот.

Эгер сиз кош бойлуу болсоңуз же бала эмизсеңиз, кандайдыр бир дарыны колдонуу алдында Сиз дарыгер менен кеңешүүңүз керек. Кош бойлуу убакта колдонуу сунушталбайт. Дары каражатын бала эмизген аялга дайындоодо, дарыгер эне жана бала үчүн пайдасын жана тобокелдигин эске алуу менен бала эмизүүнү токтотуунун максатка ылайыктуулугун баалайт.

Дарыны 7 күндөн ашык колдонууга болбойт. 3 күн дарылагандан кийин абалдын жакшыруусунун байкаларлык белгилери жок болгондо, дарыгер менен кеңешүү керек.

Ооз көңдөйүнүн жана тамактын инфекциялык-сезгенүү ооруларын (тонзиллит, фарингит, стоматит, гингивит) комплекстүү дарылоонун курамында жергиликтүү дарылоо.

Септолете тотал” бул ССКК эки активдүү ингредиентинин (Бензидаминдин) жана антисептиктин (Цетилпиридиний Хлоридинин) айкалышы:

  • тамак ооруну жана сезгенүүнү жеңилдетет;
  • инфекциянын себебин (вирустарды, бактерияларды, мите козу карындарды) жок кылат.

Септолете курамында Бензалконий Хлориди антисептиги бар, ал инфекциянын себебин (вирустарды, бактерияларды, мите козу карындарды) жок кылууга жардам берет.

Krka, d. d.

Бардык укуктар корголгон. Krka, tovarna zdravil, d. d., Novo mesto