Эмне үчүн тамак ооруйт
Тамак оору эң кеңири жайылган оорулардын бири. Ал сасык тумоо ооруларынан улам, КРВИда жана гриппте пайда болот, ошондой эле тонзиллитте, ларингитте, ангинада жана жогорку дем алуу жолдорунун башка инфекцияларында сезгенүү процессинин симптомдору болуп саналат. Ошондой эле тамактын оорушу жана сезгениши инфекциялык эмес себептер менен шартталышы мүмкүн: өтө муздак же ысык суусундукту ичүү, чылым чегүү, тамактын былжырына химиялык заттардын таасири.
Тамак ооруну эмне менен жок кылууга болот
Бүгүнкү күндө дарыканалардан оорудан тез арылтып жана абалды жеңилдете турган, тамакка ооруга каршы ар кандай каражаттарды жана дарыларды сатып алууга болот. Эгер жагымсыз сезимдерди – ооруну, ачышууну, жутуудагы кыйынчылыкты жок кылуу тууралуу айта турган болсок, анда ар кандай дарылар алардан арылууга жардам берет:
Бейтаптар көбүнчө анестетиктер бар дарыларга карата оң пикирлерин айтышат. Анткени мындай дарылар тез натыйжаны камсыздайт. Бирок анестезия оорунун баштапкы себебине таасирин тийгизбестен, болгону аны жоготот. Анальгетиктер анестетиктерден айырмаланып, ооруну басуудан тышкары сезгенүүгө каршы натыйжага ээ болот (стероиддүү эмес сезгенүүгө каршы каражаттар). Оору орточо болгондо аларды колдонуу керек.
Кандай болгон учурда дагы, респиратордук ооруларда, эгер дарылоо сезгенүүнү пайда кылган вирустарга, бактерияларга жана мите козу карындарга таасирин тийгизбестен, оорудан гана арылта турган болсо, дарылоо натыйжалуу болбойт. Тамактын сезгенүүсүнө каршы натыйжалуу айкалыштырылган дарылар тез эле оору сезимдеринен арылтат жана алардын пайда болуу себебине таасирин тийгизет.
Вирустар эмнеси менен коркунучтуу
Тамактын сезгенүүсүн жана жутууда ооруну пайда кылган вирустук инфекциялар убакыттын өтүшү менен бактериялык инфекциялар менен толукталышы мүмкүн. Инфекциянын андан ары жайылышынан жана жагымсыз симптомдордун күчөшүнөн алыс болуу үчүн, ооруган биринчи күндөн тартып тамактагы ооруга каршы анык натыйжалуу дарыны пайдалануу керек.
Тамак оорунун бактериялык себептери
Тамактын былжыры сезгенгендеги бактериялык инфекциялар баштапкы болушу мүмкүн же буга чейин болгон вирустук инфекцияларга кошулушу мүмкүн. Стрептококк жана стафилококк инфекциялары сыяктуу оорунун бактериялык козгогучтары көп кездешет. Алар антибиотиктер менен дарылоону талап кылган, тамактын былжырынын оор бузулуусун пайда кылат.
Тамактын мите козу карындык бузулуулары
Эгер тамактын былжырынын нормалдуу микрофлорасы бузулса, анда патогендик микрофлоранын көбөйүшү үчүн жагымдуу шарттар түзүлөт. Бул организмдин коргонуу күчү начарлаганда, антибиотиктерди ичүүнүн же химиялык терапияны өткөрүүнүн жыйынтыгында болот.
Тамак ооруга каршы дарылардын түрүнө сереп
Ооруну пайда кылган себептерге жараша, ар кандай дарылар колдонулат. Айрым дарылар вирустарга таасир этет, башкалары патогендик микрофлораны жок кылу менен антибиотиктер сыяктуу иштейт, үчүнчүлөрү мите козу карындардын көбөйүшүнө тоскоолдук кылат. Ошондой эле комплекстүү дарылар бар, алар кыйла натыйжалуу болот.
Дарыларды чыгаруу формасы дагы ар түрдүү болушу мүмкүн. Чайкоо үчүн эритмелер балдарга колдонууда ыңгайлуу эмес (атайын көндүмдөр керек) жана алар көбүнчө сезгенүү очогуна карата терең кирбейт. Спрейлер оору сезимдерин тез жоготот жана таасир берүүчү заттарды былжырга жеткирет, бирок тез эле шилекей менен жуулуп калат. Соруу үчүн таблеткалар бир катар артыкчылыктарга ээ: алар былжырда жана шилекейде таасир берүүчү заттардын жогорку концентрациясына жетүүгө шарт түзөт, оору синдромун натыйжалуу жоготот жана балдарга колдонуу оңой.
Септолете тотал – тамак оорудагы комплекстүү чечим. Заманбап коопсуз Септолете тотал дарысы ар кандай себептерден улам пайда болгон тамак оорунун симптомдорун дарылоо үчүн пайдаланылат. Бул тамак ооруга каршы соруу үчүн таблеткалар патогендик микроорганизмдерге таасир этет, ошондой эле сезгенүүнүн себебин жана жагымсыз сезимдерди четтетет.
Септолете тотал узак убакыттык натыйжага жетүүнү шарттайт жана дары шилекей менен жуулбайт. Тамак ооруга каршы соруу үчүн натыйжалуу таблеткалар бактерияларга гана эмес, мите козу карындарга дагы таасир этет. Септолете тотал өзүнүн эки компоненттүү курамынын аркасында, кычышуудан, кыркырактан, жутуудагы кыйынчылыктан жана башка көйгөйлөрдөн тез арылууга жардам берет. Анын курамында күчтүү антисептик жана шишикти жана ооруну азайтуу үчүн сезгенүүгө каршы каражат бар.