РУС КГ
Сенин тамагың – сенин күчүң

Тамактагы оорунун себептери

Инфекциялык себептер:

  • вирустар;
  • бактериялар;
  • мите козу карындар;

Чоңдордо тамак оорунун 50-95% жана балдарда 70% учуру респиратордук виурстардан улам пайда болот: бул аденовирустар, грипп вирустары, ошондой эле бала куракта герпес вирустары.

Тамактагы оорунун 20%дан кем эмес учурдагы себеби бактериялар, көбүнчө стрептококктор жана стафилококктор болуп саналат.

Стрептококктук инфекция стрептококк (Streptococcus) бактериясы боюнча аталган, ал ангинанын оор формасын пайда кылат. Ангина системалуу таасир берген антибиотиктер менен жакшы дарыланат.

Кандида (Candida) түрүндөгү мите козу карындар тамактын инфекциялык бузулуусун сейрек учурда пайда кылат, негизинен бул ооз көңдөйүнүн нормалдуу микрофлорасы бузулган учурда орун алат (антибиотиктер менен дарылоого же химиялык терапияга байланыштуу).

Инфекциялык эмес себептер былжыр челдин механикалык, химиялык же термикалык дүүлүгүүсүн пайда кылат:

  • өтө музак же өтө ысык аба;
  • булганган аба;
  • муздак тамак жана суусундуктар;
  • назалдык тамчыларды колдонгондон кийинки абал;
  • химиялык заттар;
  • чылым чегүү;
  • кургак же өтө нымдуу аба;
  • гастроэзофагеалдык рефлюкс.
  • Көңүл буруңуз.

Бул факторлор инфекциялардын өнүгүү мүмкүндүгүн жогорулатат:

    • ооз аркылуу муздак абаны дем алуу;
    • денени жылытууда муздак суусундуктарды ичүү;
    • аба ырайынын тез өзгөрүшү, аптапта кондиционер бар жайдан чыгууда же тескерисинче кирүүдө температуранын кескин өзгөрүшү.

Мунун баары инфекциялардын өнүгүү мүмкүндүгүн жогорулатат

Krka, d. d.

Бардык укуктар корголгон. Krka, tovarna zdravil, d. d., Novo mesto